Эже-сиңди Кардашьяндар балдарга терс таасир тийгизүүдө деп айыпталып жатат

© AFP / Theo Wargo / Getty ImagesКортни Кардашьян и Ким Кардашьян Уэст
Кортни Кардашьян и Ким Кардашьян Уэст - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кортни, Ким жана Хлои Кардашьяндар модель, алып баруучу, актриса катары таанылган белгилүү эже-сиңдилер. Батышта көптөгөн кыз-келиндер аларды сулуулуктун эталону катары көрөт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Британиялык актриса Жамила Жамил эже-сиңди Кардашьяндарды "өспүрүм кыздардын ден соолугуна зыян келтирүүдө" деп күнөөлөп чыкканын The Sun басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, актриса миллиондогон жаштардын кумирине айланган Кардашьяндардын арыктатуучу коктейль, чай жана суусундуктарды жарнамалап жатканына нааразы болууда.

"Силер арыктатуучу заттарды кармап түшкөн сүрөтүңөрдүн алдына келишимдүү болуш үчүн жеке машыктыруучу, диетолог, ашпозчу, жада калса пластикалык хирург жалдай турганыңарды дагы ачык жазсаңар болмок. Антпесе өспүрүмдөр бир эле коктейль менен ушунча болот экен деп алданып жатышат. Баса, алдагы каражаттардын терс таасирин окурмандарыңарга өзүңөр айтпасаңар, мен айтып берем", — деп жазды Жамил эже-сиңдилердин дарегине.

Звезда американского реалити-шоу Ким Кардашьян - Sputnik Кыргызстан
Башынан тарта согончогуна чейин "тордолгон" Кардашьян. Голливуддагы ирмемдер
Жамила Жамил — британиялык актриса, коомдук активист. Арыктатуучу каражаттар адамдын ден соолугуна зыян алып келет деген позицияны карманып, ар дайым аларга каршы пикирин билдирип келет.

Кортни, Ким жана Хлои Кардашьяндар модель, алып баруучу, актриса катары таанылган белгилүү бир туугандар. Батышта көптөгөн кыз-келиндер аларды сулуулуктун эталону катары көрөт. Ар биринин Instagram баракчасына эле миллиондогон адамдар жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0