Кимиси баланын атасы экенин айтпаган эгиздердин экөө тең алимент төлөмөй болду

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЛаборатория. Архив
Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фернандо жана Фабрисио аттуу эгиздер окшоштугунан пайдаланып, бир эле кыз менен жолугуп жүрүп, анын боюна бүтүп калган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бразилиянын Гояс штатында бир наристеге эгиз эркектердин экөө тең ата катары алимент төлөмөй болду. Бул тууралуу ВВС жазды.

Фернандо жана Фабрисио аттуу эгиздер окшоштугунан пайдаланып, бир эле кыз менен жолугуп жүрүп, анын боюна бүтүп калган.

Кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
30 жыл кийинтип-ичинткем! Казакстандык абышка АКШда жашаган кызын сотко берди
Кийин кызына алимент алуу үчүн сотко кайрылганда, эгиздер келин менен экөө тең "мамиледе" болгонун айтып, бирок кыздын атасы кимиси экенин айтпай коюшкан.

Айласы кеткен келин ДНК анализ тапшырткан. Бирок ал дагы эгиздердин дал кимиси наристенин атасы экенин так аныктай алган жок.

Жыйынтыгында сот экөөнү тең алимент төлөй тургандай чечим чыгарды. Эми кыздын энеси эгиздердин ар биринен айына 60 доллардан акча алып турат.

Сот учурунда белгилүү болгондой, эки эргул дагы башка аялдардын дагы ушинтип башын айландырып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0