Тюмендик үй-бүлө миллион рублди капысынан таштандыга ыргытып ийген

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТаштанды полигону. Архив
Таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акча болжол менен 12 тоннага жакын таштандыны аңтарып чыккандан кийин табылды.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиянын Тюмень шаарында миллион рублди капысынан ыргытып ийген үй-бүлө таштанды иреттөөчү заводго жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу ишкананын директору Виктор Загидулин NashGorod.ru порталына айтып берген.

Завод жетекчисине үй-бүлө кайрылып, акча салынган баштыкты башкага алмаштырып, таштандыга ыргытып ийгенин айтышкан.

Жубайлар батирин сатуудан түшкөн акчаны баштыкка салып, үйүнө сактап жүрүшкөн экен.

Маалыматка караганда, акча болжол менен 12 тоннага жакын таштандыны аңтарып чыккандан кийин табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0