Көк бөрү ойногон Сильвестр Сталлоне. "Рэмбо-3" тасмасынан кадрлар

© AP Photo / Katsumi KasaharaГолливудский актер Сильвестр Сталлоне
Голливудский актер Сильвестр Сталлоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кино мындан 31 жыл мурда жарыкка чыккан.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Короче" Telegram каналы "Рэмбо-3" тасмасынан алынган бир эпизодду жүктөп, анда баш каарман Сильвестр Сталлоне жаш чагында көк бөрү тартып жатканын эске салды.

Аталган кино мындан 31 жыл мурда жарыкка чыккан. Сталлоне топ атчан менен катарлаш чаап барып улакты эңип, талашып-тартышып жатканын көрүүгө болот. Бул ирмем Афганистанда тартылган.

Белгилей кетсек, көк бөрү Азия чөлкөмүндө ойнолуп келет. Ар өлкөдө ар кандай аташат, Казакстанда — көкпар, Өзбекстанда — купкари, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанда — бузкаши делет. Учурда эрендердин эр оюну эл аралык аренада даражасы көтөрүлүп, Кытай, Түркия, АКШ, Монголия жана Россиянын курамындагы ондон ашуун субъектилеринде ойнолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0