Арак ичүү. Архивдик сүрөт

Ууртап-татып отур, каның суюлат! Арак тууралуу миф жокко чыгарылды

4653
(жаңыланган 14:22 07.04.2019)
Экспериментке 500 кытайлык катышып, адистер алардын ден соолугуна 10 жыл бою көз салып турушкан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Пекин университетинин окумуштууларынын иликтөөсүнө караганда, "аз өлчөмдөгү ичимдик канды суюлтуп, инсульттун алдын алат" деген түшүнүк туура эмес. Бул тууралуу иликтөөлөргө таянып Lancet басылмасы жазды.

Экспериментке 500 кытайлык катышып, адистер алардын ден соолугуна 10 жыл бою көз салып турушкан.

Жыйынтыгында 1-2 стакан ичимдик дагы инсультка кабылуу тобокелдигин 10-15 пайызга өстүрөрү аныкталган.

"Эл арасында аз-маз ичип койсо эч нерсе болбойт, тескерисинче канды суюлтуп, ден соолукка жакшы таасир этет деген түшүнүк бар. Бирок ичимдик аз өлчөмдө дагы жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келиши мүмкүн экени такталды", — деди иликтөөнүн авторлорунун бири Чжэнмин Чэнь.

Мындан тышкары, окумуштуулар азиаттардын ичимдикке туруштук берүүсү генетикалык деңгээлде төмөн экенин белгилеп, арак-шарап ичүүдө сак болууга үндөдү.

4653
Белгилер:
инсульт, кан, ичимдик, Окумуштуулар
Тема боюнча
Алкоголду таштагандан кийин деле ал мээни талкалаганын уланта берет