Чай же кофени көп ичүү рак илдетин чакырабы? Окумуштуулардын жообу

© AP Photo / Apichart WeerawongКофе. Архив
Кофе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор Азия жана АКШ өлкөлөрүндөгү 1,2 миллионго чукул адамга 8 жыл бою байкоо салышкан.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу бир күндө эки же андан ашык чөйчөк кофе же чай ичүү өпкө рагына алып келиши мүмкүн экенин аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Илимпоздор Азия жана АКШ өлкөлөрүндөгү 1,2 миллионго чукул адамга 8 жыл бою медициналык изилдөө жүргүзүшкөн.

"Тамеки чекпеген, бирок күнүнө экиден ашык чөйчөк кофе ичкен адамдардын өпкө оорусуна кабылуу коркунучу 41 пайызга жогору болору аныкталды. Ал эми тамеки чекпесе да чайды жакшы көргөндөрдүкү 37 пайыздан ашаары байкалды", — деп жазылат маалыматта.

Употребление алкоголя - Sputnik Кыргызстан
Ууртап-татып отур, каның суюлат! Арак тууралуу миф жокко чыгарылды
Окумуштуулар бул изилдөөдө адамдын жаш курагы жана расасы анча деле роль ойнобой турганын айтышкан. Ошондой эле кофеин кошулган кофеби же кофеинсизби, айтор, экөө бирдей эле экени белгиленген.

Адистердин айтымында, анализ эксперимент эмес, байкоо изилдөөсү катары жүргүзүлгөн.

Окумуштуулар өпкө рагына кофеин эмес, анын данынын куурулганы себеп болушу ыктымалдыгын божомолдошууда.

Ал эми чай менен онкологиялык оорунун кандай байланышы бар экени азырынча аныктала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0