Эквадордо Ассанждын досу кармалды

© Sputnik / Джастин Гриффитс-Уилльямс / Медиабанкка өтүүМужчина стоит с плакатом в поддержку основателя WikiLeaks Джулиана Ассанжа у Вестминстерского суда в Лондоне, где рассматривается дело Дж. Ассанжа.
Мужчина стоит с плакатом в поддержку основателя WikiLeaks Джулиана Ассанжа у Вестминстерского суда в Лондоне, где рассматривается дело Дж. Ассанжа.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик аны өлкөнүн ички иштерине кийлигишти деп айыптап жатат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эквадордо WikiLeaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын жакын адамы кармалганын өлкөнүн ички иштер министри Мариа Паула Ромого шилтеме берип РИА Новости жазды.

Бийлик аны өлкөнүн ички иштерине кийлигишти деп айыптап жатат.

"Ал Ассанждын жакын адамы, ишине дагы тийиштиги бар. Кечээ кечинде Японияга учуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды", — деди министр.

Ромонун айтымында, Эквадордо Ассанж менен байланышы болушу мүмкүн делген россиялык эки хакер дагы изделип жатат.

Ал эми Ассанждын адвокаты Карлос Поведа министр WikiLeaks порталынын негиздөөчүсүнүн досу тууралуу айтып жатканын билдирди.

Золотые слитки в заводе Oegussa в Вене - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: АКШ Сириядан 50 тонна алтын чыгарып кеткен
"Ал Ассанждын досу, бирок кеңешчиси, ишине жардам берген деген маалыматтар жалган. Аны азыр жактоочулар менен кезиктирбей жатышат", — деди Поведа.

Эске салсак, 11-апрель күнү Жулиан Ассанжды Британиянын полициясы кармаган.

Чуулгандуу маалыматтарды жарыялаган WikiLeaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап келген.

Ал АКШнын Афганистандагы, Ирактагы аскердик операциялары жана Гуантанамо лагериндеги шарт тууралуу жазып чыккандан кийин белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0