Колоңсодон арылуунун жаңы ыкмасы табылды. Окумуштуулар жасаган ачылыш

© Sputnik / Валерий ЛевитинЧуркап жаткан адам. Архив
Чуркап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дезодоранттар адамдын колтугу жана денесинин дагы башка жерлериндеги жытты кетирет. Окумуштуулар мындай каражаттар теринин микрофлораларын алмаштырып, сезгенүүгө алып келерин айтышууда.

БИШКЕК, 13-апр — Sputnik. Окумуштуулар жагымсыз жыт менен күрөшүүнүн дагы башка жолдорун тапканын РИА Новости жазды.

Адистер цинк кычкылы менен аралашма жасоого көңүл буруп жатышат, бул элге кеңири тарап кеткен дезодоранттардан да майнаптуу болуп чыккан.

Адамдан бөлүнүп чыккан тер белгилүү бир жытка ээ эмес. Адамдын жагымсыз жыттанып турушу кишинин терисиндеги микробдордон улам пайда болот. Алардын кээ бири тердин курамындагы органиканы "жеп", анын ордуна көзгө көрүнбөгөн учуп чыгып турган нерселерди бөлүп чыгарат.

Азыркы дезодоранттардын көбү адамдын колтугу жана денесинин дагы башка жерлериндеги жытты жок кылат. Окумуштуулар мындай каражаттар теринин микрофлораларын алмаштырып, сезгенүүгө алып келерин айтышты.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Керек болсо жапжаш сулуу кыздар да жуунбайт! Кыргыз хирургу гигиена тууралуу
Цинк кычкылы бактерияга каршы касиетке ээ болгондуктан стоматологияда, тиш жууган пасталарды жасоодо жана ар кыл медициналык каражаттарда кеңири колдонулуп келет. Акыркы учурда аны ачык жараларды дезинфекциялоо жана терини тиккен учурда пайдаланып келишет.

Эксперттер цинк кычкылынын аралашмасы сезгенип кетүүнү гана жок кылбастан, май кислотасы бөлүп чыккан бактерияларды да жок кыларын байкашкан. Жагымсыз жыт аталган бактериялардан жаралары айтылып келет.

Адистер 30га чукул кишини чогултуп, аларды үч жума бою дезодорант колдонбоого чакырышкан. Жети күндөн кийин антиперспиранттардан баш тарткандардын териси менен микробдорунун үлгүсүн алып, колтуктарын иштелип чыккан аралашма менен сүртүп чыгышкан.

Тажрыйба цинк кычкылы жогоруда айтылган микробдордун дээрлик бардыгы кеткендигин көрсөткөн.

Эми окумуштуулар бул тажрыйбаны массалык түрдө өткөрүүгө камданууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0