Россия НАТО менен кызматташтыгын токтотту

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүНАТОнун желеги. Архив
НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ жетекчисинин орун басары НАТОнун аскер жаатында кызматташуусун токтотуу Европадагы коопсуздукка шек келтире турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россия менен НАТОнун жарандык жана аскерий багыттар боюнча бардык кызматташуулары токтотулду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчисинин орун басары Александр Грушкого таянуу менен жазды.

Ал НАТОнун мындай чечим кабыл алганын акылга сыйбаган нерсе катары баалоодо.

"НАТО өзү Россия менен болгон мамилесин жакшы нукка буруудан баш тартты. Азырынча НАТО бул туңгуюктан чыгуунун жолун билбейт", — деди Грушко.

Силы НАТО уничтожили Югославию за 2,5 месяца — страшное видео - Sputnik Кыргызстан
НАТОнун күчтөрү Югославияны 2,5 айда жок кылган. Жүрөк үшүн алган видео
ТИМ жетекчисинин орун басары НАТОнун аскер жаатында кызматташуусун токтотуу Европадагы коопсуздукка шек келтире турганын кошумчалады.

Грушконун айтымында, НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерий багытка жумшаган каражаты былтыр триллион доллардан ашкан, бул көрсөткүч Россиянын коргонууга короткон чыгымынан 22 эсеге көп.

Грушко өз кезегинде Москва аскер тармагына каражат бөлүү боюнча НАТО менен атаандашпай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0