Калемпирдин кайсы түрү өпкө рагынан сактайт? Окумуштуулардын изилдөөсү

© AP Photo / Sakchai LalitАчуу калемпир. Архив
Ачуу калемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чили калемпиринин активдүү капсаицин компоненти аденокарциноманын (өпкө рагынын эң көп жайылган түрү) өрчүшүн басаңдатып, шишиктин жайылышын токтотот.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өпкө рагынын өрчүшүн чили калемпиринин компоненти жайлатат. АКШдагы Маршалл университетинин алдындагы медициналык мектептин изилдөөчүлөрүнүн мындай жыйынтыгын Sputnik Азербайжан агенттиги Faseb Journal басылмасына таянып жарыялады.

Проблемы со здоровьем в КР - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер рактын 10 баштапкы белгисин аташты
Билдирүүгө ылайык, чили калемпиринин активдүү капсаицин компоненти аденокарциноманын (өпкө рагынын эң көп жайылган түрү) өрчүшүн басаңдатып, шишиктин жайылышын токтотот.

Окумуштуулар капсаициндин башка табигый аналогдорун — капсиат жана капсикониатты да изилдеп көрүп, капсаицин рак клеткаларынын тарашына бөгөт болорун аныктап чыгышкан.

"Бир күнү химиотерапиянын башка каражаттарына кошуп капсаицин өпкө ооруларынын ар кандай түрүн дарылоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн", — деп айткан изилдөөнүн авторлорунун бири Жейми Фридман.

Буга чейин капсаицин рактын бир нече түрүнүн өрчүшүн токтотот деп айтылган. Анын ичинде боор рагы да бар.

Бирок дарыгерлер ашказан жана он эки эли ичегисинде жарасы бар, гастрит жана жоон ичегиси ооруган адамдар оозду куйкалаган калемпирди таптакыр жегенге болбой турганын эскертишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0