Дарыгерлер: башты жумасына эки ирет гана жууш керек

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүБашын жууп жаткан кыз. Архив
Башын жууп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин ырасташынча, ысык сууда жатуу терини тез карытат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Москвалык дарыгерлер ысык суу куюлган ваннада беш мүнөттөн ашык жатпоо керектигин сунушташат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Деятельность Республиканского ожогового центра - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер айта албаган нерсе ачыкталды! Мурдагы медиктин ызалуу маеги
Шаардык ден соолук департаментинин бөлүм башчысы Василий Фроловдун айтымында, 40 градус ысык болгон сууда 5 мүнөттөн ашык жатпаш керек. Ал эми 35 градустагы ысык сууда 15 мүнөткө чейин жатса болот.

Адистердин ырасташынча, ысык сууда жатуу терини тез карытат. Андан сырткары, мочалканы тез-тезден колдонуу териге микрожаракат алып келет. Ошондой эле башты күн сайын жууган болбойт, жумасына экиден көп эмес жолу жууп туруу жетиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0