Перунун экс-президентин кармоо учурунда өзүн-өзү жаралап каза болду

© Sputnik / Дмитрий АстаховПерунун экс-президенти Алан Гарсия. Архив
Перунун экс-президенти Алан Гарсия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү полиция коррупцияга шектелген экс-президентти кармоо үчүн барган.

БИШКЕК, 18-апр. - Sputnik. Перунун экс-президенти Алан Гарсияны кармоо учурунда өзүнүн жанын кыйып каза болду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Взрыв произошел в центре Киева - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Украинада автоунаа жардырган киши Кыргызстандын жараны эмес
Маалыматка ылайык, Гарсияны (мамлекетти 1985-1990 жана 2006-2011-жылдары башкарган) полиция өзү жашаган үйүнөн кармоого аракет кылган.
Ички иштер министри Карлос Морандын айтымында, экс-президентин үйүнө шаршембинин таңында барышкан. Ал адвокатына телефон чалып алууну сурап аркы бөлмөгө кирип кеткен.
Бир аздан кийин анын жаракат алып жатканын көрүп, полиция кызматкерлери ооруканага жеткирген. Дарыгер Гарсия башынан жараат алганын айтышкан.

Экс-президент коррупциялык иштер боюнча айыпталып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0