Бир заматта жок болгон 29 турист. Португалияда автобус үйдүн үстүнө кулап кетти

© REUTERS / DUARTE SAПортугалиянын Мадейра аралында туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, акыркы маалымат боюнча 29 адам каза тапты
Португалиянын Мадейра аралында туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, акыркы маалымат боюнча 29 адам каза тапты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобуста 55 кишиге чейин болушу мүмкүн экени айтылды.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Португалиянын Мадейра аралында туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, акыркы маалымат боюнча 29 адам каза тапканын РИА Новости жазды.

Окуядан дагы 27 киши жабыркаган.

"Мертингендердин баары германиялык туристтер. Автобустун айдоочусу менен гид жаракат алган. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганын күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, сүрөттөрүн Telegram каналы аркылуу жиберишти - Sputnik Кыргызстан
Унаанын тамтыгы чыгып калган. Бишкектеги үрөй учурган кырсыктын сүрөттөрү
Кырсык 17-апрель күнү жергиликтүү убакыт менен саат 18.30дарда (Бишкек убактысы боюнча 23.30) болгон. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып кеткен да, үйдүн чатырына кулаган. Жергиликтүү ЖМКлардын билдирүүсү боюнча автобуста 55ке чейин киши болушу мүмкүн.

Португалиянын премьери Антониу Кошта каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана Германия канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Ал эми прокуратура тергөө иштерине киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0