Ким Чен Ындын апрелде Владимир Путин менен жолугары айтылды

© REUTERS / KCNA KCNAТүндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын апрелдин экинчи жарымында жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

Дмитрий Песковдун айтымында, учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча жолугушуунун так датасы жана өтө турган жери белгисиз.

Дүйшөмбү күнү Ренхап агенттиги ишенимдүү булактарга таянып Россия менен Түндүк Кореянын башчылары 24-апрель күнү Ыраакы Чыгыштан жолугушарын жазган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0