Италиялык студенттер 13,5 млн. еврого шишкебек "жешкен"

© Sputnik / Наталья Айриян / Медиабанкка өтүүФестиваль осетинского пива "Ирон баганы-2017" в Южной Осетии
Фестиваль осетинского пива Ирон баганы-2017 в Южной Осетии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студенттер шишкебек бышырып жатканда үйдөн өрт чыгып, жалыны токойго жармашкан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Италияда эки студент 13,5 миллион евро айыпка жыгылды. Алар шишкебек жасоо үчүн от жагып, натыйжада токойдон ири өрт чыккан. Бул тууралуу BBC жазды.

Футбольные болельщики приняли участие в Сабантуе в Самаре - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 223 метр шишкебек жасалып дүйнөлүк рекорд коюлду. Видео
Окуя 2018-жылдын 30-декабрында Комо шаарында болгон. Өрт бир нече күнгө созулуп, токойдун миңге жакын гектарын жалмап кеткен.

Териштирүү иштеринен соң сот эки студентти күнөөлүү деп тапты. Маалыматка караганда, студенттер шишкебек жасаган үйдөн өрт чыгып жалыны токойго тараган.

Үйдүн ээси дагы күнөөлүү деп табылды. Ал эми эки студент өздөрүн айыпкер катары эсептебейт.

"Бул окуянын курмандыгы бизбиз. Өрттүн келип чыгуу себебин түшүндүрүү мүмкүн эмес. Биз кырсык тууралуу куткаруучуларга кабарлап, өзүбүз өрттү өчүрүүгө киришкенбиз", — дешти алар.

Студенттердин адвокаты мындай айыпка жыгуунун кажети жоктугун, алар каражатты баары бир төлөй албастыгын айтты. Ал эми прокурор жергиликтүү басылмаларга интервью берип жатып, айып пул башкаларды жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасоого түртөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0