Көкүрөктү жаппайбыз! Сүрөтчү соцтармактын тыюусуна каршы чыкмакчы

CC0 / freestocks-photos / Девушка в нижнем белье
Девушка в нижнем белье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спенсер Туник өзүнүн карьерасында энеден туума жылаңачтанган кишилердин 75тен ашуун сүрөтүн тарткан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жарым жылаңач жана жылаңач адамдардын сүрөтүн тартып жүргөн художник-фотограф Спенсер Туник Facebook менен Instagram койгон эреже-чектөөлөргө каршы акция уюштурмакчы. Бул туурасында NBC New York жазды.

Анын флешмобду 2019-жылдын 2-июнунда Нью-Йорктун борборунда уюштуруу планы бар.

Фотографтын айтымына караганда, миңдеген адамдар энеден туума жылаңач болуп сүрөткө түшүү үчүн бир жерге чогулат.

Мындай кадамы менен Интернеттеги социалдык тармактардын ана башы болгондордун (Facebook менен Instagram) искусство цензурасына нааразылыгын билдирүү ниетинде.

"Нью-Йорктун көчөсүндө жылаңач кишилердин жаңы сүрөтүн тартуу үмүтүм бар. Социалдык тармактарда аялдын эмчегин көрсөтүүгө тыюу салынууда. Эркектердин, аялдардын жана трансгендерлердин сөз эркиндигин колдошубуз керек. Алар художник кесибинде иштеп, өздөрү автор болгон искусствону бөлүшүүгө мүмкүндүгү жок", — деп айтты Туник.

Чемпионата мира по футболу 2002 года - Sputnik Кыргызстан
Оюн тып токтоду. Футбол талаасына чуркап чыккан жылаңач аялдын видеосу
Спенсер Туник өзүнүн карьерасында энеден туума жылаңачтанган кишилердин 75тен ашуун сүрөтүн тарткан. Алардын эң белгилүүсү Мексикада жасалган. Анда 18 миң киши жылаңачтанып көчөгө чыккан.

Туник мындай сүрөттөрдү жарыялап өзү да чектөөлөргө кабылып келе жатканын жазган. 2014-жылы Facebook анын Португалияда тартылган аялдардын сүрөтүнө чектөө койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0