Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру башталды

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүУкраинадагы шайлоодо добуш берип жаткан жарандар. Архив
Украинадагы шайлоодо добуш берип жаткан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи турга азыркы президент Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский катышууда.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру башталды. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Экинчи турга азыркы президент Петр Порошенко менен биринчи турдун лидери Владимир Зеленский катышууда. Социалдык сурамжылоого ылайык, Зеленскийди украиналыктардын 70 пайызы колдосо, Порошенкону элдин 25 пайызы гана колдоп жатат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токаев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү себебин айтты
Шайлоого Россиянын жарандары байкоо сала албайт. Өз кезегинде расмий Москва Киевдин Россиянын жарандарын байкоочу катары киргизбей коюшу бардык шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдуулугуна шек келтире турганын билдирди. Шайлоо участкалары Россиянын аймагында жана Донбасста ачылбайт. Ошентип Украинанын 7-10 миллион жараны шайлоого катыша албайт.

Украинада президент беш жылга шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи турдун жыйынтыгын 1-майга чейин чыгарышы кажет. Ал эми жаңы президенттин инаугурациясы 3-июнга чейин болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0