Мындай эшекти эч ким көрө элек болсо керек. Улуу Британияда тартылган сүрөт

© AP Photo / Pat SullivanРанчо Рэйчел Уоллер в Альпайне
Ранчо Рэйчел Уоллер в Альпайне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дерриктин көлөмү өзүнөн кичинекей өспүрүмдү ээрчип алганы сырттан караган адамга жылмаюу жаратат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Британиянын Линкольншир графтыгындагы корукта жашаган беш жаштагы Деррик аттуу эшекти Гиннестин рекорддор китебине киргизүүгө болот. Жаныбардын бою 170 сантиметр деп жазды Daily Mail басылмасы.

Деррик америкалык мамонт тибиндеги эшектердин тукумуна кирет. Анын бою дагы эки жылга чейин өсөрү айтылууда.

​Маалыматта анын дагы бир рекордчу, ушул эле тукумдагы Техас эшеги, бою 173 сантиметр болгон Ромуланы алптыгы боюнча кууп жеткени калганы айтылууда.

​Коруктагы башкача бул жаныбарды 12 жаштагы ыктыярчы Тайлер Аллен-Дэй карап, жем-чөбүн берип турат. Дерриктин көлөмү өзүнөн кичинекей өспүрүмдү ээрчип алганы сырттан караган адамга жылмаюу жаратат.

​Коруктун кызматкерлери алар багып жаткан эшек менен Гиннестин рекордун багындырабыз деген ниетте.

Буга чейин интернетке баткактан сууруп чыкканы үчүн ыраазылык билдирген пилдин баласынын видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0