Адольф Гитлердин архивдик сүрөтү

ФБР Гитлердин Аргентинага качып кеткени боюнча документтерди ачыкка чыгарды

2893
(жаңыланган 18:08 23.04.2019)
Документте Гитлерге Түштүк Американын Анды тоолорундагы ранчодон баш паанек берилгени айтылат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Иликтөө боюнча федералдык бюросу (ФБР) Адольф Гитлердин 1945-жылы Аргентинага качып кетиши жөнүндөгү версиянын текшерилиши боюнча документтерди жарыялады.

Ал материалдарга ылайык, Гитлер суу алдындагы кайык менен Түштүк Америкага чейин барып, аны Аргентинанын жогорку кызматта иштеген алты кишиси тосуп алган. Ага Анды тоосунун түштүк бөлүгүндөгү ранчодон баш паанек беришкен.

Бул маалыматтар ФБРдин директору Эдгар Гуверге чейин жетип, бирок бюронун жетекчилиги Гитлердин сары изине түшүү үчүн бул маалыматтар "жетишсиз" деген чечим кабыл алган.

Гитлердин качып кеткени боюнча биринчи доклад 1945-жылы 21-сентябрда түзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча ал 1945-жылы 30-апрелде өз жанын кыйган.

Ал ортодо Россиянын аскер-тарыхый коомчулугунун илимий доктору Михаил Мягков Гитлер Берлинде өзүнө кол салып каза болгонун айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Мягков Гитлердин жаак сөөгүнүн бөлүгү менен стоматологдун картасы Москвада сакталуу экенин билдирген.

"Согуштан кийин Гитлер качып кетиши ыктымал деген версияны мамлекеттик коопсуздук кызматы да иликтеген. Биздин архивде тергөөнүн жүрүшү боюнча бир нече документтердин тому сакталып турат. Анда Гитлердин акыркы күндөрү жана өлүмү тууралуу бардык жагдайлар камтылган. Гитлер өз жанын кыйган эмес деген версия жана далилдерден оң натыйжа чыккан жок", — деди ал.

Мягков ошондой эле дүйнөдөгү бардык окумуштуулар Гитлердин өлүмү боюнча изилдөөлөрдү аягына чыгарганын белгилеп, америкалык окумуштууларга Россиянын архивине кайрылууну сунуштады.

2893
Белгилер:
документ, ФБР, Адольф Гитлер
Тема боюнча
Гитлердин телефон номурлар жазылган китеби аукциондо 45 миң долларга сатылды