Автокырсык эне-баланын өмүрүн сактап калды. Англиядагы окуя

© AFP 2023 / PETER PARKSКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анча кооптуу эмес жол кырсыкка кабылган кош бойлуу аял өлүм алып келе турган оору туурасында капысынан билген.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дарыгерге жол кырсыктан соң көрүнүүгө барган англиялык Хлои Грант заманбап диагностиканын жардамы менен коркунучтуу дарты тууралуу капыстан билип, чүрпөсүнүн өмүрүн сактоого жетишкен. Бул туурасында Evening Chronicle деп аталган басылма жазды.

Анча кооптуу эмес автокырсыкка кабылган Хлои Гранттын алты айлык боюнда болгон. Эч кандай жаракат албаганы менен аял ооруканага барып, текшерүүдөн өтүп коюуну чечкен.

Распространение микроцефалии в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Төрөрүнө 45 мүнөт калганда кош бойлуу экенин билип... Англиядагы окуя
Дарыгерлер аялдын организминен курсактагы баланын өлүмгө, энесин ооруга алып келе турган дартты тапкан. Адистер мындай илдет дүйнөдөгү кош бойлуулардын алты пайызында кездешерин айтышты. Оорунун адатта кош кабат болгон мезгилдин 20-айында аныкталары белгилүү болду.

Кеңешип, сүйлөшкөн дарыгерлер ымыркайды энесинин курсагынан тез алып чыгуу боюнча бүтүмгө келишкен. Амелия Роуз жарыкка убагынан эрте келгендиктен, салмагы болгону 700 грамм, салыштырып айтканда "ананастан да кичине" болгон. Анткен менен колдун башындай болгон наристе өзгөчө атасынын кубанычын жараткан.

"Автоунаабызды болгону чийип кеткен кырсык бизди чоң кооптуулуктан сактап калды. Кызым, аялым аман-эсен", — деп кубангандыгын жашыра албай айтып берген бөбөктүн атасы Жек Фаррелл.

Бул аял кош бойлуу кезинде алдын ала кам көрүп барса, ал эми Глазгонун (Улуу Британия) тургуну 18 жаштагы Эммалуиз Легтейт кош бойлуу экенин көз жарарына 45 мүнөт калганда билген.

Жаңылыктар түрмөгү
0