Россия президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт

Путин Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн Владивостокко барды

182
(жаңыланган 10:32 25.04.2019)
Ким Чен Ын Россияга иш сапары менен кечээ, 24-апрель күнү, келген.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен толук форматта жолугушуу үчүн Владивосток шаарына барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын
© Фото / пресс-служба администрации Приморского края
Ким Чен Ын Россияга иш сапары менен кечээ, 24-апрель күнү, келген.

Түндүк корея лидери Россияга биринчи ирет 2011-жылы келгени маалым. Ал эми ушул жылдын апрель айында кайра шайлангандан кийин чет өлкөгө алгачкы жолу чыгышы.

Иш сапарынын майда-чүйдөсү коопсуздук үчүн акыркы күндөргө чейин сыр катары сакталды. Жогулугууга эки гана күн калганда Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков лидерлер 25-апрель күнү Владивосток шаарында кезигерин билдирди.

"Бүгүн алар түштөн кийин жолугушат. Алгач экөө бетме-бет сүйлөшүп, андан соң делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңири чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бирок документтерге кол коюу жана ЖМКларга билдирүү жасоо пландалган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин тараптардын Корей жарым аралынын өзөктүк куралдар боюнча көйгөйлөрүн жолго салуу жана эки тараптуу мамилесин талкууга алары айтылган.

182
Белгилер:
жолугушуу, Ким Чен Ын, Владимир Путин, Владивосток
Тема боюнча
Ким Чен Ын Россияга зооттолгон поезд менен келди