Путин менен кол алышып, эки жакты айланта карап. Ким Чен Ындын визити видеодо

© Фото / Валерий Шарифулин / Медиабанкка өтүүРоссия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен жолугушуусу
Россия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул - Ким Чен Ындын жогорку постко шайлангандан кийинки чет жакка болгон тунгуч сапары.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда Россия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын менен жолукту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Агенттик эки лидердин жолуккан видеосун да жайгаштырган.

​Путин Ким Чен Ынды Түндүк Кореянын мамлекеттик кеңешине кайра шайланышы менен куттуктады.

​"Сиздин мамлекеттик жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүз эми эки тараптын, эки элдин достук маанайдагы жакшы ымаласынын өнүгүшүн арттырат деп ишенем. Андан сырткары, бул Корей жарым аралында коопсуздукту жана тынчтыкты бекемдейт деп ойлойм", — деп Путиндин айтканын Кремлдин сайты билдирген.

Мамлекет башчы Пхеньяндын Вашингтон менен Сеулдун диалогунун калыпка келишине кылган аракеттерин колдой турганын айткан.

Ким Чен Ын Россия президентине Владивостокко чакыргандыгына ыраазылыгын билдирип, жолугушуу мазмундуу жана эки тарап үчүн маанилүү болоруна ишеним арткан.

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Шляпасын чечип, даам ооз тийип... Ким Чен Ындын Россияга келген видеосу
"Дүйнө көңүлүн азыр Корей жарым аралындагы абалга бөлүп турат. Бул маселе боюнча биз пикир алмашып жана берген баабыз боюнча сүйлөшүп жатабыз. Андан сырткары, биргелешип абалды жөнгө салуу боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", — деген Ким Чен Ын.

План боюнча сүйлөшүүлөрдөн соң жолугушуулар эки тараптуу делегациянын катышуусунда кеңири форматта өтөт.

Түндүк Кореянын лидери Россиянын Владивостогуна шаршемби күнү эртең менен келип түшкөн. Бул анын Россияга жасаган биринчи сапары эмес. Андан сырткары, жогорку постко шайлангандан кийинки чет жакка болгон тунгуч сапары.

Жаңылыктар түрмөгү
0