Бардар жашашкан. Шри-Ланкада жардырууну уюштурган жанкечтилер тууралуу

© REUTERS / Thomas PeterПохороны погибших при серии взрывов на Шри-Ланке. 24 апреля 2019 года
Похороны погибших при серии взрывов на Шри-Ланке. 24 апреля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жекшембиде Шри-Ланкада бир нече жолу жардыруу болуп, 359 кишинин өмүрүн алды. Тогуз жанкечтинин ичинен сегизинин ким экендиги аныкталды.

БИШКЕК, 26-апр — Sputnik. Шри-Ланкада жардырууну уюштурган жанкечтилердин дээрлик бардыгынын билими жогору болгонун, бардар турмуш кечиришкенин BBC жазып чыкты.

21-апрель, жекшемби күнү, Шри-Ланкада бир нече жерде жардыруу болду. Алгачкы алтоо үч чиркөөдө жана үч отелде, жетинчиси — аралдын батышында, сегизинчиси Коломбонун чет жакасындагы турак жай комплексинде жарылды. Акыркы маалыматтарга таянсак, 359 киши набыт болуп, 520 адам жаракат алды.

Жардыруу иши боюнча полиция 60 чакты кишини кармап, алардын жарымын камакка алды. Шри-Ланка бийлиги Пасха майрамында чиркөө жана мейманканаларга кол салган тогуз кишиден сегизинин ким экендигин аныктады. BBC басылмасы бир нече жанкечти боюнча маалымат түрмөгүн даярдаган.

Бай бир туугандар

Кровь стынет в жилах — что было после взрыва в церкви Шри-Ланки. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эс-учун жоготкон, канжалаган адамдар. Шри-Ланкадагы жардыруудан кийинки видео
Жергиликтүү бийлик жанкечтилердин экөө мусулман жана Коломбодо татымал саткан бай соодагердин уулдары экендигин боолголоп жатат. Дал ушул экөө — 31 жашар Илхам жана 33 жаштагы Иншаф Ибрагим Коломбодогу Shangri-La жана Cinnamon Grand мейманканасын жардырышкан. Ага-инилердин бири отелге башка кишинин аты менен катталса, экинчиси өзүнүн чыныгы ысымы менен кирген. ЖМК Иншаф Ибрагим Коломбонун чыгыш тарабындагы жез фабрикасынын ээси болгонун жазууда.

Daily Mail таблоиди жазгандай, полиция ага-ининин пландарынан жакын туугандары кабардар болгон деп шектенет. Анан калса, бул үй-бүлө өзүнчө бир "исламчыл ячейка" сымал болгон деген да божомол бар.

Полиция алардын үйүнө келгенде ага-инилердин биринин аялы өзүн жардырган, натыйжада өзү да, эки баласы да мерт болду деп жазат Daily Mail. Reuters Ибрагимдин үйүндөгү жардырууда өзү да, үч наристеси да каза тапканын жарыялаган.

"Сыртынан алар жакшы эле адамдардай көрүнгөн", — деп билдирген жанкечти бир туугандардын коңшусу Reuters агенттигине.

Ушул эле маалымат булагы аталган үй-бүлөгө жакын кишилердин көрсөтмөлөрүнө таянып, бир туугандардын кенжеси Илхам экстремисттик көз караштарын жашырбаганын билдирет. Ал тургай, терактыга тиешеси болушу мүмкүн деп шектелген жергиликтүү "Жамаат ат-Таухид аль-Ватания" исламдык тобунун жолугушууларына катышчу. Улуу агасынын көз караштары инисиникиндей аша чабарлык эмес болчу дешти.

Reuters жазгандай, полиция бир туугандардын атасы Мохаммед Юсуф Ибрагимди суракка алууда. Бай соодагерди өзү турган аймакта таанышчу, көпчүлүк сыйлачу.

"Жардыларга дайым тамак-аш, акча менен каралашып турчу. Анын балдары ушундай нерсеге барарына ишене албай турабыз. Эми алардын айынан бардык мусулмандардан шектене башташат", — деп билдирген ага-ининин кошунасы аталган агенттикке.

Шри-Ланканын бийлиги терактыларга адегенде анча таанылбаган "Жамаат ат-Таухид аль-Ватания" аттуу жергиликтүү исламдык топту айыптап, бул уюм мындай кол салууну өз алдынча уюштура албасын, болду-болбоду, жанкечтилердин аракети сырттан тескелген деп кошумчалаган.

Шри-Ланкадагы чиркөөдөгү жарылуу видеого тартылып калган - Sputnik Кыргызстан
Шри-Ланкадагы чиркөөдөгү жарылуу видеого тартылып калган
"Алар жакшы даярдыктан өткөн, координация өтө жогорку деңгээлде. Мурда биз мындайга эч бет келишкен эмеспиз", — деди шейшембиде аза күткөн өлкөнүн премьер-министри Ранил Викрамасингхе.

Кийинчерээк үч чиркөө жана төрт мейманканадагы жардырууларга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу мойнуна алды.

Аталган уюм болжолдуу түрдө кол салгандардын Ислам мамлекетине ант берип жатканы тартылган тасманы жарыялаган.

Эң төбөсүндө ким?

Ар кандай булактарга таянып жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткандай, кол салууларды уюштурууга ланкалык ислам жайылтуучу Захран Хашим болушу мүмкүн деп божомолдонууда. Ал эми индиялык атайын кызмат кол салуулар даярдалып жатканы туурасында Шри-Ланка бийлигине эскерткен экен, кыязы.

Дал ушул Хашим ИМ тараткан жанкечтилердин ант бергени чагылдырылган тасмада да көрүнөт. Тасмада Захран Хашимге түспөлдөш киши топту жетектеп жатат. ЖМК булактарга таянуу менен Хашим "Жамаат ат-Таухид аль-Ватания" уюмунун лидерлеринин бири болгондугун жазып чыгышты.

France Presse агенттигинин маалыматына ылайык, Захран Хашим ИМ менен ланкалык жихадчыларды байланыштырып турган, ошондой эле ал бул жолку кол салууларды ишке ашырууда эң негизги киши болушу ыктымал.

Басылма Шри-Ланканын Мусулмандар кеңешинин башчысынын орун басары Хилми Ахамеддин сөздөрүн жарыялады, анда ал үч жыл мурун өлкө бийлигине Хашимдин радикалдуу көз караштары туурасында эскерткени боюнча айткан.

"Үй-бүлөсү жок киши. Куран үйрөтүмүш болуп, радикалдуу жаш мусулмандар менен иш алпарган", — дейт Хилми Ахамед.

Хашимдин диний араздашууну тутанткан, чагымчыл мүнөздөгү үгүттөөлөрү жарыяланган YouTube каналы жана Facebook баракчасы болгон.

Серия взрывов в Шри-Ланке - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Шри-Ланканын президентине көңүл айтты
Ахамеддин айтымында, мусулман коомчулугундагылар Хашимдин "эл аралык байланыштары" болгонун билишчү. "Анын тасмаларынын баары Индияда жүктөлгөн. Аткезчилердин жардамы менен Индияга барып, кайра кайтып турган", — дейт мусулман коомчулугунун өкүлү.

Хашимдин тирүү же өлүү экенинен Ахамеддин кабары жок. CNN телеканалы Хашим 40 жаштын тегерегинде болгонун, Баттикалоа округунун чыгышында туулгандыгы тууралуу кабарлаган. Бир жардыруу Баттикалоа шаарындагы чиркөөдө болгон.

Ал эми France Presse басылмасы Захран Хашимдин ким экендигин полиция аныктаганын, бирок ысымынын жазылышынан адашып, Хашими деп атап алгандыгын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0