Олимпиада чемпиону түз эфирде маек куруп жатып эсин жоготту. Видео

© AP Photo / Robert F. BukatyВолейбол боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону Жаклин Карвальо. Архив
Волейбол боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону Жаклин Карвальо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бразилиянын суперлигасынын алкагындагы волейбол оюндары учурунда болгон.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Волейбол боюнча олимпиаданын эки жолку чемпиону Жаклин Карвальо түз эфирде интервью берип жатып эсин жоготуп кулады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Окуя Бразилиянын суперлигасынын алкагындагы волейбол оюндары учурунда болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, Карвальо залдагы ысыктан улам өзүн жаман сезип, эсинен танган.

​Эске салсак, Карвальо Бразилиянын курама командасы менен 2008-жылы Пекинде жана 2012-жылы Лондондо өткөн олимпиадаларда жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0