Синдзо Абэ император Акихито тактыдан баш тартканын жар салды

© REUTERS / POOLЯпониянын императору Акихито
Япониянын императору Акихито - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тактыга императордун мураскери Нарухито келет. Анын башкаруу доору "Рейва" деп аталып, кыргыз тилине которгондо "сулуулук жана гармония" дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ император Акихито тактыдан баш тартканын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Императордун кетишине байланыштуу уюштурулган атайын иш-чара анын "Сайдэн Мацу-но-ма" сарайында өтүп, салтанатты өлкөнүн бардык телеканалдары чагылдырды. Сарайда император Акихито жубайы менен, мураскери Нарухито жубайы менен, императордун үй-бүлө мүчөлөрү жана бийликтин үч бутагы — жалпы 300 адам болду.

Неонатологическое отделение клиники Бюргергоспиталь - Sputnik Кыргызстан
Японияда 258 грамм болуп төрөлгөн ымыркай үйүнө чыгарылды
Акихито 2016-жылдын август айында эле жаш курагына байланыштуу милдеттерин аткарууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыктан тактыны өткөрүп берүү ниети бар экенин айткан. Бирок императорлук үй жөнүндөгү мыйзам менен өлкөнүн Конституциясына ылайык, такты монарх көз жумгандан кийин гана мураскерге өткөрүлүшү керек. Бул боюнча 10 ай бою укук, тарых, маданият жаатындагы адистер менен император үйүнүн өкүлдөрү эрежени бузуу канчалык орундуу экенин талкуулашкан. Натыйжада, 2017-жылы өлкө парламенти тактыдан баш тартууга жол берген "өзгөчө мыйзамды" иштеп чыккан.

Атайын комиссия 2017-жылдын 1-декабрында императордун тактыдан кете турган күнүн (2019-жылдын 30-апрели) жана 59 жаштагы мураскер Нарухитонун тактыга отургузуу күнүн (1-май, 2019) аныкташкан.

Нарухито такка отургандан кийин жаңы императордун башкаруу доору "Рейва" деп аталат, кыргыз тилине которгондо "сулуулук жана гармония" дегенди түшүндүрөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0