ЦРУнун мурдагы тыңчысы Кытайга маалымат берип, көп киши өлүм жазасына тартылды

© AFP / SAUL LOEBЦентральное разведывательное управление США
Центральное разведывательное управление США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыңчыны 2018-жылдын январь айында Нью-Йорк аэропортунан кармашкан. Эми ага август айында өкүм чыгат.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. ЦРУнун мурдагы кызматкери Кытайга тыңчылык кылганын мойнуна алды. Бул тууралуу BBC жазды.

54 жаштагы Жерри Ли 1994-2007-жылдары ЦРУга иштеп, кийин Гонконгго көчүп кеткен. 2010-жылы аны Кытайдын атайын кызматы "колго алып", тыңчы өзүнөн башка АКШга иштеген 20 шпион тууралуу маалымат берип койгон. Жыйынтыгында Кытай өз өлкөсүнө чыккынчылык кылгандардын көбүн өлүм жазасына тартып, дагы бир нечесин камакка алды.

Тюрьма Стэнли в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Чет жерде өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар. Кылмыштын түрлөрү
Лиге Кытай тыңчылары өздөрү байланышка чыгып, жашыруун маалыматтар үчүн чоң суммадагы акча сунушташкан. Ошентип анын банктык эсебине 2013-жылга чейин жүз миңдеген долларлар түшкөн.

Кийин аны АКШлык атайын кызматтар кармап алып, суракка алганда кытайлык кесиптештери менен жолукканын, бирок эч бир маалымат бербегенин айткан. Анткен менен Американын чекисттери Линин үйүнөн ЦРУнун ишмердүүлүгү жана анын кызматкерлери тууралуу маалматтар жазылып, бирок кайра өчүрүлгөн USB-флешка таап алышкан.

Тыңчыны 2018-жылдын январь айында Нью-Йорк аэропортунан кармашкан. Эми ага август айында өкүм чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0