Адамды ашыкча салмак алуудан сактаган азык-түлүк аталды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүВыращивание риса в Краснодарском крае
Выращивание риса в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 136 мамлекеттин жашоочуларынын ичкен тамак-ашына анализ жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Япон окумуштуулары күрүчтү такай жеген кишилер ашыкча салмак албай турганын ырасташты. Бул тууралуу EurekAlert басылмасы жазды.

Адистер 136 мамлекеттин жашоочуларынын ичкен тамак-ашына анализ жүргүзүшкөн. Андан сырткары, жашоо-турмушунун деңгээли, саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдар, ички дүң продукциянын көлөмү жана ашыкча салмак алгандар боюнча маалыматтар да текшерилген.

Кызын көтөрүп турган ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаркын маанайда жүрүүнүн 15 эрежеси. Таңдын ырыскысы тууралуу
Окумуштуулар күнүнө 150 грамм күрүч жеген өлкөлөрдө ашыкча салмак алгандардын көйгөйү төмөн болгонун байкашкан. Күрүчтү көп жегендердин көч башында Бангладеш турат. Бул өлкөдө жашагандар күнүнө 473 грамм күрүч жешет. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 100 граммга да жетпейт. Мисалы, Францияда жашагандар күнүнө болгону 15 грамм күрүч жесе, АКШнын жашоочулары 19 грамм гана күрүч жейт.

Профессор Томоко Имаинин айтымында, күрүчтүн курамындагы клетчаткалар адамды ток кармап, алардын ашыкча тамак ичүү каалоосун азайтат. Бул өз кезегинде салмак алууга жол бербейт. Ошондой эле күрүчтө май аз болгондуктан кандагы глюкозанын деңгээлин көбөйтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0