Кулакчын. Архивдик сүрөт

Ашказандан чыккан музыка. Тайвандык жигит кулакчын жутуп алды

590
Эркек киши музыка угуп жатып уктап кеткен.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Тайвандын жашоочусу зымы жок Apple AirPods кулакчынын жутуп алган, ага карабастан түзүлүш ашказандын ичинде иштей берген. Бул туурасында "Известия" жазды.

Маалыматка ылайык, эркек киши музыка угуп жатып уктап кеткен. Ойгонгондон кийин бир кулакчынын таппай калат, андан соң түзүлүштүн издөө бөлүгүн басканда, ичинен музыканын үнү чыгып жатканын байкаган.

Ал ооруканага кайрылганда дарыгерлер кулакчын тамак сиңирүү тутумунда жүргөн сүрөтүн көрсөтүп, ал табигый жол менен чыгарын айтышкан. Көп өтпөй кулакчын сыртка чыккан. Бул үчүн балага операция жасалбаганы белгиленген.

590
Белгилер:
музыка, ашказан, жигит
Тема боюнча
Ашказанына алтын салып аэропорттон өтүүгө аракет кылган өзбекстандык аял кармалды