Германияда зоопарк кызматкерине эки арстан кол салды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАрстан. Архив
Арстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24 жаштагы зоопарк кызматкери оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Германияда зоопарк кызматкерине эки арстан кол салды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Билдирмеге караганда, окуя Ходенхаген коммунасында жайгашкан "Серенгети" сафари паркында болгон.

"Арстандар зоопарк кызматкери темир тор ичине кирген учурда кол салышкан. Жабыркаган адамдын кесиптештери ага сыртка чыгууга жардам берип, тез жардам чакырышкан. 24 жаштагы киши оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.

"Серенгети" сафари паркында 1500дөн ашуун жаныбар жашайт. Аянты 120 гектардан ашык. Парк 1974-жылы ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0