Елизавета II сегизинчи чөбөрөлүү болду

© AFP / BEN STANSALLСвадьба принца Гарри с американской актрисой и моделью Меган Маркл
Свадьба принца Гарри с американской актрисой и моделью Меган Маркл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меган Маркл төрөгөн уул падышалык тактыга сегизинчи талапкер.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Британиянын канзадасы Гарриге жубайы Меган уул төрөп берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ошентип Елизавета II сегизинчи чөбөрөлүү болду.

"Уул келди! Герцог менен герцогиня кубануу менен бул жаңылыкты жарыялайт", — деп жазылат жубайлардын Instagram-аккаунтунда.

Падышалык тактыга сегизинчи талапкер болгон ымыркайга кандай ысым ыйгарылганы бир нече күндөн кийин айтылат. Анын алгачкы сүрөтү дагы азырынча көрсөтүлбөйт.

Эске салсак, канзада Гарри менен мурдагы актриса Меган Маркл былтыр 19-майда үйлөнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0