Венесуэладагы төңкөрүш аракети

Мамлекеттик төңкөрүш ордунан чыкпай… Венесуэлада дем алыш күндөрү болгон окуя

344
(жаңыланган 14:48 07.05.2019)
Өзүн лидер деп жарыялап алган Хуан Гуаидо жана анын тарапташтары Каракастагы "Карлота" аскер базасынын алдына чогулду.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Венэсуэланын ТИМ жетекчиси Хорхе Арреаса россиялык кесиптеши Сергей Лавровго Москвадагы кездешүүдө суверенитетти колдогону үчүн ыраазылык билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Дипломаттар жекшембиде жолугуп, Каракаска жасалган басымдын улам өсүп келе жатышын жана оппозициянын чагымчыл кадамдарын талкуулашты. Буга чейин РФ ТИМинин жетекчиси Москва Венесуэла президенти Николас Мадуронун кризисти жөнгө салуу жана абалды андан ары туруксуздаштырууга жол бербөө аракеттерин колдой турганын айткан. Андан сырткары, АКШнын аскердик күчтү колдонбошуна ишенерин да билдирген.

Каракас Москвадан блэкауттун кесепеттерин жоюу, анын ичинде аскер инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн жардам алып жатат.

30-апрелде Венесуэла оппозициясы өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылган.

Өзүн лидер деп жарыялап алган Хуан Гуаидо жана анын тарапташтары Каракастагы "Карлота" аскер базасынын алдына чогулду. Буга чейин ал эл менен армияны көчөгө чыгып, мыйзамдуу президент Николас Мадурону кулатууга чакырган. Бирок коргонуу министри менен мамлекеттин башчысы Куралдуу күчтөрдүн легитимдүү бийликке берилгендигин айтып, мамлекеттик төңкөрүштү болтурбай койгон.

Демонстрация учурунда үч өспүрүм, бир аял жана бир киши октон каза тапкан. Учурда бул боюнча иликтөө башталды.

Хуан Гуаидо өзү да төңкөрүш жасоо аракети майнапсыз болуп калганын мойнуна алып, АКШнын өлкөгө интервенция жасоо сунушу түшсө, колдоорун айтты. Анын айтымында, аскер кызматкерлери оппозициянын катарына өтүп, ал эми венесуэлалык президент ыйгарым укуктарын тапшырып берет деген. Бирок андай болгон жок.

Венесуэланын Улуттук түптөөчүлөр кеңешинин төрагасы Диосдадо Кабельо бийлик төңкөрүшкө катышкан парламент мүчөлөрүн кол тийбестиктен ажыратарын айткан. Прокуратура бул боюнча иш ачкан жана депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу сурамдары аталган кеңешке келип түшүп жаткандыгы айтылган.

Ал бийликте ызы-чуунун катышуучуларын кармоого мүмкүнчүлүк болгондугун жана алар өлкөдөгү туруктуулукту сактоо максатында провокацияга алдырбагандыгын айтышты.

Ал эми аталган өлкөнүн башкы прокурору Тарек Уильям Сааб ведомство аталган ишти иликтөөгө үч прокурор дайындагандыгын билдирди. Мындан сырткары, кутумга катышкандарга карата 18 ордер суралганын, 17 тинтүү болгонун, бир катар далилдер топтолуп, кармалгандар көрсөтмө берип жаткандыгын айтышты.

Төңкөрүшкө жоопкер болгондордун бири, оппозициячы Леопольдо Лопес андан мурда үй камагынан качып чыккан. Ал Чилинин элчилигине барып жашырынып, бирок аны кууп чыгышкан. Андан соң Испаниянын элчилигине барган.

Мадурого карата массалык нааразылык 21-январдан, ал ант бергенден тарта башталган. Батыштын бир катар өлкөлөрү, алардын башында турган АКШ Гуаидону убактылуу президент катары тааныгандыгын жар салган.

Ал эми Мадуро парламенттин башчысын "АКШнын марионеткасы" деп атаган. Россия, Кытай, Түркия жана бир катар мамлекеттер Мадурону мыйзамдуу президент катары колдогон. Москва Гуаидонун "президенттик макамы" жарабай тургандыгын, андай нерсе жок экендигин айткан.

344
Белгилер:
оппозиция, мамлекеттик төңкөрүш, Николас Мадуро, Венесуэла
Тема боюнча
Жүздөгөн адамдын каны төгүлүп... Апрель революциясын эске салган 18 сүрөт
Кишинин температурасын текшерип жатышат. Архив

Окумуштуу: коронавирустан айыккандан кийин деле өпкө жакшы иштебей калат

464
(жаңыланган 15:42 05.07.2020)
Адистер вирус кайсы органдарды жабыркатарын кенен изилдөө менен анын кесепеттерин алдын алууга жардам берген препаратты даярдоону пландап жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Коронавирустан айыккандан бир нече айдан кийин деле симптомдору кала бериши мүмкүн. Бул тууралуу Charite медициналык комплексинин жана Гарвард университетинин профессору Тобиас Курт айтып чыкканын "Известия" жазды.

Анын айтымында, алсырап, өпкөсү начар иштеп, дем алуусу бузулгандар көбөйөт. Бул вируска чейин ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жокторго дагы тиешелүү.

Коронавирустун экинчи толкуну: кышында аны грипптен айырмалоо кыйын болот

"Учурда дагы кайсы органдарды жабырката турганын изилдеп, бейтаптар менен иштешип жатабыз. Ошого жараша ооруну жеңгенден кийин анын кесепеттерин алдын алуу боюнча препаратты даярдоого болот", — деген профессор.

Буга чейин британиялык адистер вирустун кесепетинен кийин адамдын психологиясы бузуларын айтышкан.

464
Белгилер:
өпкө, оору, айыгуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы
Алтындан жасалган бет кап

4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы

788
(жаңыланган 15:17 05.07.2020)
Индиялык жаран ага мындай идея күмүш бет капчан адамды көргөндө келгенин айтты. Алтындан жасалган бат каптын салмагы 2,5 килограмм.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Индиялык Шанкар Кураде күмүш бет капчан кишини көргөндөн кийин коронавирустан коргонуу үчүн баасы 4 миң доллар турган алтын бет кап жасаткан. Бул тууралуу РИА Новостиге өзү айтып берген.

Шанкар Курхейд (48 лет) носит свою маску, сделанную из золота, и позирует для фотографии на фоне распространения коронавирусной болезни (COVID-19) в Пуне, Индия, 4 июля 2020 года
© REUTERS / STRINGER
Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар
"Мага ошондо алтын бет кап тууралуу идея келди. Негизинен алтынды абдан жакшы көрөм, дайыма салмактуу алтын чынжырларды, шакектерди тагынып жүрөм. Алтын бет кап тагынууга эмнеге болбосун деп жергиликтүү зергерге буюртма бердим" , — деди ал.

Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар.

"Эффективдүүлүгү тууралуу айта турган болсок... Биздин билишибизче, бет кап жалгыз өзү коргой албайт, ал үчүн аралыкты сактоо керек. Ошол себептен алтын бет кап менен көчөгө чыкканда мен дагы айтылган социалдык аралыкты сактайм", — деген өзгөчө бет каптын ээси.

Индияда той өткөргөн жигит каза болуп, 100дөн ашык конок COVID жуктурду

Анын айтымында, бет кап жергиликтүү элдин жана ЖМКнын көңүлүн өзүнө бурган. "Алтын бет кап менен көчөгө чыкканда элдин көңүл чордонунда калдым. Менин үй-бүлөмдүн алтынды жакшы көрөрү бул чөлкөмгө белгилүү болсо да алтын бет кап жаңы нерсе болгондуктан элге кызык болду", — деп кошумчалады Кураде.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө 648 миң адам коронавирус жуктуруп, алардын 400 миңи айыгып, 18 миң адам каза тапкан.

788
Белгилер:
бет кап, алтын, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Индия: кеминде 23 киши чагылган тийип көз жумуп, дагы 29у жаракат алды
Таң калычтуу! Индияда ичи ооруп, дарыгерге кайрылган аял эркек болуп чыкты
Реанимацияда жаткан бейтаптын колу. Архив

Бүгүн күндүзгү стационарлардан үч бейтап каза тапты

0
(жаңыланган 22:20 05.07.2020)
Аталган борборлор коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылган бейтаптарды кабыл алууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн күндүзгү стационар борборлорунан үч бейтап каза болгонун мэрия социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматта бул үч адам орун жок болгону үчүн ооруканага жата албай стационарга кайрылганы айтылат. Мэрия элди бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, сыртка көп чыкпоого чакырууда.

Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Аталган борборлор коронавирус жана пневмониянын жеңил же орточо түрүнө кабылгандар үчүн түзүлгөн. Бул жерден ийне сайдырып, консультация алууга болот. Мэрия төрт райондо ачылган стационарлардын дареги менен телефон номерлерин жарыялаган болчу.

0
Белгилер:
консультация, ийне, бейтап, оорукана, пневмония, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Муфтият коронавирустан көз жумгандарды көмүү эрежесин иштеп чыкты