Катардын Хамад аэропорту. Архив

Дүйнөдөгү эң мыкты авиакомпания менен аэропорттордун рейтинги аныкталды

742
Изилдөө маалында түрдүү компаниялардын иштөөсү боюнча 40 миң кардардын пикири эске алынган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Дүйнөдөгү эң мыкты авиакомпания жана аэропорттордун рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу AirHelp жазды.

Маалыматка ылайык, изилдөө маалында түрдүү компаниялардын иши боюнча 40 өлкөдөгү 40 миң кардардын пикири каралган. Анда 134 аба майдандын каттамдарды аткаруусу, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана инфраструктурасы эске алынган.

Жыйынтыгында биринчи орунду Катардын "Хамад" аэропорту, экинчини Япониянын "Токиосу", үчүнчүнү Грециядагы "Афин" аба майданы алган. Ошондой эле алдыңкы ондукка "Афонсу Пена" (Бразилия), "Шереметьев" (Москва), "Гданьск" (Польша), "Чанги" (Сингапур), "Раджив Ганди" (Индия), "Тенерифе Норте" (Испания) жана "Виракопус" (Бразилия) аэропорттору кирген.

Ал эми авиакомпаниялардын рейтингин аныктоодо каттамдардын сапаты, өз убагында аткарылуусу жана билеттерди кайра кайтарып алуу маселелерине көңүл бурулган. Ал тизменин сап башына Qatar Airways компаниясы чыкты. Андан кийинки орундарга American Airlines, Aeromexico SAS Scandinavian Airlines, Qantas, LATAM Airlines, WestJet, Luxair, Austrian Airlines жана Emirates компаниялары илинди.

742
Белгилер:
рейтинг, аэропорт, авиакомпания, Авиация
Тема боюнча
Териси кургаган аялды авиакомпания баласы менен учактан түшүрүп койду
Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги

Шуулдаган парашют, айланган жер... Россиялык десантчылардын видеосу

63
(жаңыланган 21:45 09.08.2020)
Россиянын Коргоонуу министрлиги Туладагы Аба-десант гвардиясынын аскерлеринин парашюттан машыгуу учурунда секирген видеосун жарыялады.

Аталган кезектеги иш-чара Клоково аэродромунда жасалган. Аскерлер Туланын Слободка деген аймагынын жанына секирген.

Россиялык Су-27 АКШнын тыңчы учагын кайра кайтарды

Видеодон секире турган адамдын учактан абаны көздөй аттагандыгын көрүүгө болот. Бул ар бир адамды ар кандай абалга салган абал. Бирөөлөр ичиркенип жүрөгү шуу десе, экинчилерине адреналин. Видеодо парашютчунун асманда АН-2 учагынын ичинен сыртты көздөй кадам таштап, андан соң кескин айланып, андан кийин жаай каалгый жерди көздөй бараткан учурларды жана финалды, талаага келип түшкөн учурларды ырааттуу көрүүгө болот.

63
Белгилер:
парашют, Аскер, Россия
Тема боюнча
Кемелер парады. Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Видео

Бейруттагы жарылуу: чаңырып эшикке чуркашты. Үйлөнүп жаткандардын качкан видеосу

319
(жаңыланган 20:22 09.08.2020)
Өткөн шейшемби күнү Бейрут шаарындагы портто ири жарылуу болуп, бир секунд ичинде тургундардын жашоосуна бүлүк салды.

Бул күнү бир топ түгөй бейкапар, эч нерседен шек санабай үйлөнүү үчүн чиркөөгө келишкен. Салтанаттын бири жарылуунун борборунан 17 чакырым аралыкта болгон. Жарылуунун толкуну ошол жерге чейин жетип, имараттын айнектери толугу менен күбүлүп калган. Алгач ичиндегилер чокунуп, тобо келтирип, ал эми жарылуу экинчи ирет кайталанып, төбөдөн айнектер талкаланып кулай баштаганда чаңырып, кыйкырып эшикти көздөй чуркашканын көрүүгө болот.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Ал эми салтанатка келген бир кыз катуу коркуп калгандыктан, бир топко чейин тынчтана албай, ыйлаганын токтоткон эмес.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болуп, 150дөн ашык адам көз жумса, алты миңден көбү жабыркаган.

319
Белгилер:
чиркөө, үйлөнүү, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Жарылуу болгон Бейруттан көрсөтүлгөн түз эфир