Ким Кардашьянга карын эне төртүнчү баласын төрөп берди

© AP Photo / Charles Sykes / InvisionАмериканская звезда реалити-шоу, актриса и фотомодель Ким Кардашьян
Американская звезда реалити-шоу, актриса и фотомодель Ким Кардашьян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүлөнүн буга чейин үч баласы бар болчу, экөөнү Кардашьян жарыкка өзү алып келген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Тележылдыз Ким Кардашьян жолдошу Канье Уэст экөө төртүнчү ирет ата-эне болушту. Ымыркайды жарыкка карын эне алып келген.

Кубанычтуу ирмем тууралуу Кардашьян өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу кабарлап, жаңы төрөлгөн уулу буга чейинки кызы Чикаго Уэстке окшош экенин айткан.

"Дагы өзгөрөт, бирок азыр кызыма окшош экен", — деп жазды 38 жаштагы Кардашьян.

Звезда американского реалити-шоу Ким Кардашьян - Sputnik Кыргызстан
Башынан тарта согончогуна чейин "тордолгон" Кардашьян. Голливуддагы ирмемдер
Бүлөнүн бөбөк күтүп жатканы телеберүүнүн биринде белгилүү болгон. Студияда отурган Кортни Кардашьян карын эненин толгоосу башталып калгандыктан Ким эфирге келе албай калганын билдирген.

Ким Кардашьян менен Канье Уэсттин төрт баласы бар, анын экөөнү Ким өзү жарыкка алып келген. Уулу менен кызы төрөлгөндөн кийин дарыгерлер кийинки төрөт кооптуу болорун айтышкан. Былтыркы жылдын январь айында карын эне кыз, ал эми быйыл дагы бир эркек бала төрөп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0