Капилеттен башына тийген топ журналисттин үнүн басты. Окуянын видеосу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Россия - Словакия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Россия - Словакия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист кыз футболчулар машыккан маалда репортаж жасап жаткан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Стадиондо түз эфирде репортаж жасап жаткан испаниялык журналист Моника Бенавенттин башына капыстан тийген топ ал эле эмес, көрүүчүлөр үчүн да жагымсыз болгон.

Окуя Европа лигасынын жарым финалы үчүн беттешке "Валенсия" менен "Арсенал" даярданып жаткан учурда болду.

​Кадрдан белгисиз футболчунун тепкен тобу кыздын башына тийип, андан соң журналисттин жайылган чачы гана көрүнүп, эфир токтогондугу байкалат.

​Бир аздан кийин кыз аяк-башын жыйып, түз эфирде ишин уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0