"Чоң атам диктатор". Саддам Хусейндин небереси Ирактан кантип качканын баяндады

© AFP / PRESIDENTIAL PALACEПрезидент Ирака Саддам Хусейн
Президент Ирака Саддам Хусейн - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Балдарды алып, бир мүнөт да аялдабай Сирияга качтык. Чек арадан жөө өттүк. Капыстан эле сириялык чек арачы ок жаадырды. Жан көзгө көрүндү", - деп айтып берген мемуардын автору.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Саддам Хусейндин кыз небереси чоң атасы өлүм жазасына тартылгандан кийин алардын жашоосу кандай болгондугун, өлкөдөн качкандары, аларды айланып-тегеренип жүргөндөрдүн кийин кантип сатып кетишкендери, дагы бир топ жагдайлар боюнча мемуар жазды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Китеп азырынча англис тилине которула элек. Анткен менен Европа менен АКШда чыдамсыздык менен күтүп жаткандар көп. Ал эми ирактыктардын көбү азыркыга караганда Саддамдын учурунда жашоо алда канча жакшы эле деп эсептешет.

"Чындыкты азыр айтууну чечтим"

"Саддам Хусейн биздин президентибиз жана менин чоң атам, сүйүктүү баатырыбыз эле. Менимче, сот залындагы окуяны тартып алган телевидение кызматкерлери дүйнөгө чыныгы Саддам Хусейн кандай адам экендигин көрсөттү. Себеби көптөрдүн ал жөнүндө пикири башкача, жаңылыш болчу. Сотто мен буга чейин чоң атамды кандай билсем, дал ошол кишини көрдүм", — деп баштаган өзүнүн эскерүүлөрүн Харир Хусейн Камиль.

Ирано-иракская война - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө табыт ташып калышкан. Майданга айланган Иракта жашап келген кыргызстандык
Соттун жүрүшүн дүйнө дем тартпай байкап турду, алардын ичинде мурдагы президенттин жек-жааты да бар эле. Ирак диктаторун 12 пункт боюнча күнөөлөштү. 1998-жылы Халабжа шаарында күрд элине каршы химиялык курал колдонгон, 1980-88-жылдардагы иран-ирак согушундагы кылмыштарга, 1990-жылы Кувейтке кол салууга катышы бар дешти. Андан сырткары, адам укуктарынын көп бузулушуна тиешеси бар деп айтылды.

Хусейнди саясий жактан эки үзөңгүлөшү менен кошо өлүм жазасына өкүм кылышып, ал 2006-жылдын 30-декабрында аткарылды.

"Анын өлүм жазасына тартылышы биз үчүн оор, өтө оор болду. Чындыкты айтып берейин дедим. Менин өлкөмдөгү окуялар жөнүндө калпты айтышты", — деп түшүндүргөн 32 жаштагы Харир.

Саддамдын небереси китепти "көптөр дискредитация кылууга аракет кылган үй-бүлөнүн тарыхын баяндап" бериш үчүн жазган. 

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЭкспозиция картин современных иракских художников
Чоң атам диктатор. Саддам Хусейндин небереси Ирактан кантип качканын баяндады - Sputnik Кыргызстан
Экспозиция картин современных иракских художников

Ирактан качканда

Харир Хусейн Камиль мемуары чыккандан кийин бир топ интервьюларды берген.

"Биз Мосулда элек. Апам Рагхад жана эжем Рана (Саддам Хусейндин экинчи кызы — мемуар.) балдарды алып, бир мүнөт да аялдабай Сирияга качтык. Чек арадан жөө өттүк. Капыстан эле сириялык чек арачы ок жаадырды. Жан көзгө көрүндү. Кудайдын барманы менен эч ким жабыркаган жок окшойт", — деп жазган 2003-жылдагы суук жана коркунучтуу түндү эстеген Харир. Ошентип алардын үй-бүлөсү Ирактан чыгып кеткен.

Барабыз деп көздөгөн жери болгон эмес, тобокел деп чыга беришкен. Өздөрүндөй абалда калган ирактыктар менен чет элдик досторуна таянышкан. Анткен менен чоң атасы бийликте турганда айланып-тегеренип тургандардын саны кыйын күндөрү тез эле азая түшкөн.

С-400 россиялык куралы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Куралды көп саткан мамлекеттер аталды. Тизме
Эркектердин дайымкы камкордугунда жүргөн аялдар коргоосуз калган. Ошентип кыйын учурлар башталган. Тирүү болсок бир дөбөдө бололу деген ойго Харирдин энеси каршы чыккан. Америкалыктардын бутасына тобубуз менен кабылбайлы, бөлөк-бөлөк жүрөлү деп чебелектеп туруп алган.

Жашырынып жүрүү оңойго турган эмес. Америкалыктар кирип келгенден кийин Ирак бийлиги потенциалдуу качкындарга башка мамлекеттер паспорт бербесин деген тыюу салган декрет кабыл алган.

"Көптөр паспорту жок эле качып жүрүштү", — деп жазган Харир.

Бирок Хусейндин бүлөсү Иорданиядан чакыруу алып, борбор шаар Амманга жөнөгөн. Ирак менен Сириянын чет жакасында мурдагы диктатордун үй-бүлөсүнүн жашоосу калыпка келе баштаган.

"Иордания менен Катар бизди жакшы кабылдады, паспорт алдык, үстүбүзгө үй, астыбызга аш берип, жан сакчылар менен камсыздап, ай сайын акча төлөп турат", — дейт ал.

Саддам Хусейндин 15 небереси калган, алардын көбү Иорданияда жашаса, арасында чет өлкөдө окугандар да бар. Харир азыр Амман шаарында турат. Университетти бүтүп, турмушка чыккан.

"Иорданиялыктар бизге сый-урмат менен, адамгерчиликтүү мамиле жасайт. Алар биздин башыбыздан өткөн кыйынчылыкты андан ары көтөрүп кетүүгө жардам беришти", — деген Харир.

Автор мекенин сагынарын жашырган эмес

"Азыркыга чейин окуган мектебимди, үйүбүздү жана биздин көчөнү эстей берем", — деп эскерет ал.

Качып бара жатканда диктатордун небереси байлык, кымбат баалуу буюмдарын кошо ала кетпептир. Бир нече шым жана футболка менен из жашырыптыр.

Золотые слитки в заводе Oegussa в Вене - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: АКШ Сириядан 50 тонна алтын чыгарып кеткен
Кыз азыркы жаман окуяларга, Ирактагы абалга АКШны күнөөлүү деп эсептейт.

"Америкалыктардын Иракты басып алышы эмне менен аяктагандыгын бүткүл дүйнө көрдү го. Менин мамлекетим жана жалпы эле дүйнө кымбат төлөп берди", — деген небере кыз.

Ал америкалыктарды "бүлдүрүп, талкалаган нерселерди кайра кайтарып берүүгө" чакырган.

"Ирак качандыр бир кезде бирдиктүү болот деп кыялданам. Мусулманы да, христианы да, башка диндин өкүлдөрү да бирдей укукта, тынчтыкта жашаса... Ирак мөгдөдү, кыйналды. Эл жакшы жашоого татыктуу. Бул менен кыялым эле эмес. Мамлекет жүздөгөн жыл бою ошондой бейпил жашап келген. Болгону аны кайра калыбына келтирүү керек", — деген Харир.

Анткен менен Иракта бийлик алмашкандан кийин да далай адамдын каны төгүлүп, жардыруу болуп, "баланча адам каза тапты" деген кабарлар дүйнөгө тарап турду.

Чоң атасынын баскан жолу менен

Харир Хусейн Камилдин китеби дүйнөдө ар кыл реакцияны жаратты. Бир даары автор "мемуар менен Американын Ирактагы кампаниясынын бетин дүйнөгө ачып берди" десе, дагы бир катары башкача пикирин айткан.

Лагерь сирийских беженцев в пригороде Хомса - Sputnik Кыргызстан
Бир суткада миң качкын кайтып келди. Сириядагы жандануу
Мемуар көптөгөн адамдарга жаккан. Харир Хусейн Камилдин жазуучулук таланты чоң атасынан калган дешүүдө. Саддам өлүм жазасына тартылгандан кийин интернет айдыңына "Забиба жана падыша" деп аталган сүйүү романы тараган. Текст жашыруун жарыяланганы менен эксперттер анын автору Ирактын мурдагы лидери деп түкшүмөлдөшкөн.

2000-жылдары жазылган роман байыркы дүйнөдөгү окуяны баяндаган. Башкы каарман Хусейн деп аталат. Сюжет боюнча ар түнү падышага Забиба аттуу кыз келет да, алар дин, элдин эрки жана улуттук аң-сезим жөнүндө кеп салышат.

Бир адамга кулдук уруучулук жана чачылган миллиарддар

Мемуарды сындагандар диктатор өзү жалгыз өлкөнү 24 жыл башкарып турганын жана мунай саткандыгын айтат. Кара алтындан түшкөн кирешенин 5 пайызын чөнтөгүнө салып турган дешет. Андан сырткары, анын үй-бүлөсү сыртка ташылган товардан да акча көргөн деген пикирлер бар.

Мунай заттарынын баасы көтөрүлгөндүктөн, өлкөгө акча тынымсыз агып кирип турган.

Экономика өсүп, билим берүү менен саламаттыкты сактоо акысыз болгон. 1980-жылдары Ирактын лидерине Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНЕСКОсу жашоочуларынын турмуш-шартын улам жакшыртып, деңгээлин өстүрүп бара жаткандыгы үчүн атайын сыйлык тапшырган.

Мамлекет менен президент байып, Иракта бир адамга кулдук уруу гүлдөп, башкача ой жүгүрткөндөрдүн тамыры дароо эле кыйылып турган дешет. Батыш ЖМКлары Саддам Хусейндин учурунда өлкөдө 250гө чукул диссиденттер курман болгондугун жазган. Өлкөдөгү оппозиция өкүлдөрү аёосуз жазаланып, ага Саддам Хусейндин уулдары катышкандыгы боюнча имиштер айтылып келет.

Багдадга карата адам укуктарын бузду деген айыптоолор менен санкция киргизгенден тарта мунай кирешеси азайган.

Венесуэладагы төңкөрүш аракети - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик төңкөрүш ордунан чыкпай… Венесуэлада дем алыш күндөрү болгон окуя
Мунун фонунда Саддам менен анын үй-бүлөсүнүн ысырапкорлугу ирактыктардын кыжырын кайнаткан. Диктатор бир топ акчанын башын жуткан яхта менен тик учактарды сатып алып, куну асмандаган автоунааларды коллекциялап, жакындарына, өзүнө хан сарайларды курууну токтоткон эмес. 80ге чукул резиденция салып, анын бир нечесине бункер да жасаттырган.

2002-жылы АКШнын президенти Жорж Буш (кичүүсү) Иракка кастарын тигип, Хусейнди элди массалык түрдө кырган деп күнөөлөгөн. Андан сырткары, террорчулар менен байланышы бар деп айыптаган.

Кийинки жылы Америка БУУнун Коопсуздук кеңешинен резолюция албай туруп, жакынкы чыгыш өлкөсүн басып кирген. Бир нече аптадан кийин Саддамдын режими кулаган.

Жакында эле сүйүүсү менен берилгендигин билдирип жаткандар Ирак лидеринен баш тартып кетишти. Мосулга жашырынабыз деген уулдары Удей менен Кусейди алардын эки ата өткөн агасы сатып койгон. Ал эми диктатордун өзүн америкалыктар Тикрит шаарындагы бункерден таап, камакка алышкан. Андан соң бүт дүйнө күбө болгон сот жана өлүм жазасы болду.

ЖМКлар Хусейнди ирактыктардын көбү учурда жылуу эскеришерин жазып келет. Алар өлкөнүн азыркысы мурдагысына караганда бир топ начарлап кетти деп айтышат. Эгерде Саддам бийлик башында турса, Ирак жарандык согуштун алоосунда калбайт эле деген ойлорун айтышкан.

Ал эми Хусейндин айтылып жүргөн эбегейсиз көп байлыгы туурасында америкалыктар алардын бардыгы кайда кеткендигин билбей азыркыга чейин баш ооруткан чагы. АКШ Иракка кирерге эки күн калганда Багдаддын борбордук банкынан акчаны алып чыгып кетишкени айтылып келет. Андан сырткары, Швейцариядагы, Ливандагы жана Нидерланддардагы диктатордун үй-бүлөсүнүн банк эсеби да бошоп, болгону 12 доллар калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0