Турист кайсы катасы үчүн өлүм жазасына тартылып, айыпка жыгылат. Тизме

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПроверка пассажиров и багажа в аэропорту Шереметьево
Проверка пассажиров и багажа в аэропорту Шереметьево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл бир катар өлкө туристтер үчүн жаңы эреже киргизди.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. 2019-жылы эс алууга чыккан туристтер бир катар чектөөлөргө туш болот. Кетирген айрым катачылыктар үчүн кээ бир өлкөлөрдө ири суммадагы айып пул, эркинен ажыратуу жана өлүм жазасы да каралган. Бул тууралуу АТОР билдирди.

Мисалы, Италиядагы Капри аралынын бийлиги 1-майдан тарта бир эле жолу колдонула турган желим идиш, баштык жана бөтөлкөлөрдү пайдаланууга тыюу салды. Тартипти бузгандар 500 евро айыпка жыгылат. Буга сезон учурунда күнүнө 20 миңдей туристтин келиши жана болуп көрбөгөндөй таштанды таштап кетиши себеп экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Египеттин Хургад жана Марса-Алам курортторунда желим идиш-аяк колдонгону үчүн дүкөн, дарыкана жана ресторандардын ээлерине айып пул каралган.

Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "туристтин паспорту" пайда болот. Анын кандай зарылдыгы бар
Майорка менен Ибицада жайында пляжда тамеки тартууга тыюу салынат. Чылым чегүү үчүн атайын жерлер белгиленген.

Сентябрдан тарта Парижде жөө басчу жерде жана тротуарларда электр тогу менен айдала турган скутер жана ушул сыяктуу унаа менен жүргөндөр 135 евро айыпка жыгылат.

Таиланддын Пхукет аралында асманга көтөрүлүп бараткан жана коно турган учактын фонунда селфи жасоого тыюу салынат. Эрежени бузгандар ири суммадагы айып тартып, түрмөгө да отурушу мүмкүн. Эгер ошол селфиге байланыштуу окуянын кесепети оор болсо, мисалы, учкучтарга тоскоолдук жаратса, сүрөткө түшмөкчү болгон адам өлүм жазасына да тартылат.

Италиянын Чинкве-Терре улуттук паркында салып алма тапичке жана сандалий кийүүгө болбойт. Кызматкерлердин айтымында, ыңгайсыз бут кийим кийген туристтер тоодо жүрө албай, көп учурда куткаруучуларды чакырууга туура келет. Мындай бут кийимчендер эми 50 евро айыпка жыгылып, куткаруучуларга 2 500 евро төлөмөр болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0