Америкалык жеңил атлет Инфинит Таккер 400 метрлик аралыкка чуркап, колунан жеңишти башкаларга жулдуруп жиберерде үстөмөндөп жыгылып, утуп алды. Бул туурасында видеону америкалык спортчу Аарон Эрнест Twitter баракчасына жайгаштырды.
Dawg said he was not losing 💀💀 pic.twitter.com/UUbWWXHPGT
— Aaron Ernest (@TheTrackMamba) 12 мая 2019 г.
Окуя АКШнын Фейетвилл шаарындагы SEC Outdoor Track & Field Championships деп аталган 400 метрлик турнирде болгон. Спортчу бул аралыкты 49,38 секундада чуркап өттү.
Мындай окуя 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарында болгон. Аялдар арасында 400 метрге чуркоодо Багам аралынан чыккан Шона Миллер-Уйбо дал ушинтип секирип, алтын медалын өзүнө алып калган. Себеби анын артынан такымдап келе жаткан америкалык Эллисон Феликс жеңишти алып кетери анык эле.