Bayer компаниясынын чыгарган гербицид Roundup. Архивдик сүрөт

АКШда жубайларды ракка кабылтты деген компания 2 млрд. доллар төлөмөр болду

274
(жаңыланган 15:02 14.05.2019)
Сот жубайлардын арызын канааттандырып, компания аларга компенсация төлөмөй болду.

БИШКЕК, 14-май— Sputnik. "Отоо чөпкө каршы каражаттын айынан рак илдетине кабылдык" деген түгөйлөрдүн доо арызын АКШнын соту канааттандырып, немистердин фармацевтикалык Bayer компаниясын жубайларга 2 миллион доллар төлөмөр кылды. Бул тууралуу BBC жазды. 

Калифорниянын соту "Bayer компаниясы курамында глифосаты бар каражаттар ден соолукка зыян экенин кардарларга маалымдаган эмес" деген бүтүм чыгарган.

Ал эми Bayer айыптоолорду четке кагууда. Немис компаниясы жубайлар колдонгон отоо чөпкө каршы Roundup каражаты ден соолукка коопсуз деп ишендирүүдө. Аталган компания соттун чечимине каршы арызданууну пландап жатат.

Roundup каражатына байланыштуу бул биринчи арыз эмес, буга чейин сот үч ирет жарандардын доосун канааттандырган. Дагы жүздөгөн жаран арыз менен кайрылган факты бар.

Глифосат 1970-жылы Monsanto компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Ошондон бери АКШда жана дүйнөдө сатылып келет. Monsanto ишканасын Bayer 2018-жылы 63 миллиард долларга сатып алган.

274
Белгилер:
сот, жем-чөп, АКШ
Тема боюнча
Окумуштуулар рактан тез сакайта турган диетаны аташты
Окумуштуулар рактын күчөшү менен чөнтөк телефондун байланышын айтып беришти