Ай. Архивдик сүрөт

NASA Айдын бети кургап жатканын айтты

532
Илимпоздордун айтымында, планетанын ичи кысылып, сырткы бөлүгүндө түрдүү жаракалар пайда болууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. NASA уюмунун окумуштуулары Айдын бети кургап, акыркы жүз миллион жылда 50 метрдей кыртышы жок болгонун билдиришти. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазды.

Окумуштуулардын ырасташынча, мындай кесепет айдын ички бөлүгү муздап, анын кысылып жатканынан улам болууда. Андан сырткары, планетанын ички бөлүгү кысылганда анын сырткы бөлүгү упураланып, бөлүнүп жатат.

"Биздин анализ мындай кысылуу дагы да уланып жатканын көрсөттү. Бул өз кезегинде айда жаракалардын пайда болушуна алып келет", — дешти окумуштуулар.

Илимпоздор Күн системасындагы планеталардын ичинен Меркурий дагы кургап, анда да ар түрдүү жаракалар пайда болуп жатканын айтышты.

532
Белгилер:
планета, NASA, жер, ай
Тема боюнча
18 миң доллар төлөп берет экен. NASA бир шарт коюп, киши издеп жатат
Бышырылган жумуртка. Архив

Адис: жумуртка диабеттен жабыркагандар үчүн пайдалуу тамак

37
Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жумуртка экинчи типтеги диабет менен жабыркагандар үчүн пайдалуу азык. Бул тууралуу РИА Новости Америкалык диабет ассоциациясына шилтеме берип жазды.

Адистер тооктун бир жумурткасында бир граммга жетпеген углевод жана жети граммга жакын белок бар экендигин айтышат. Мындан сырткары, жумуртка нервди жана булчуңдарды чыңдап, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртуучу калийдин булагы экендигин белгилешет.

"Жумуртканы ачкарын такай жеп туруу экинчи типтеги диабет менен жабыркаган адамдардын канындагы глюкозанын деңгээлин жакшыртууга мүмкүн экенин изилдөөлөр көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, ашыкча тамак жеп алуудан сактап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.

37
Белгилер:
жумуртка, кеңеш, диабет, диета, ден соолук
Тема боюнча
Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот
Немец диетологдору ачкарын жегенге болбой турган азыктарды атады
Уктап жаткан киши. Архивдик сүрөт

Дарыгер коркунучтуу түштөрдөн кантип арылса болорун айтып берди

64
Сомнолог адамдын жаман түштөрү эки топко бөлүнөрүн айтты. Экөө тең кишинин психологиялык абалынан көз каранды экен.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Түндө жаман түштөр кирип же адамдын уктап жатып кыйналышына күндүзгү стресстик абал себепкер болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, сомнолог Роман Бузуновго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Мисалы, жаңылыктарды бир күндө 15 мүнөт карап коюу жетиштүү. Башка убакта негативди карап отура бербей, колдон келсе сейилдеп келиңиз. Көп кыймылдап, үй жумуштарын жасаңыз. Чарчаганга чейин жумуш кылуу стресс менен жагымсыз ойлордон арылуунун эң сонун жолу. Маанай чөгүп, ал кеткенде кофе же таттуулар менен алаксыбай, чуркап же дене көнүгүүлөрүн жасаңыз", — деди сомнолог.

Анын айтымында, адамдын жаман түштөрү эки топко бөлүнөт.

"Биринчиси — ар кандай сюжеттеги түштөр. Алар мээ бир нерсеге бушайман болуп, бирок ошол кырдаалдан чыгып кетүүгө жол издеп жатканда кирет. Экинчиси — бир эле окуя кайталана берген түштөр. Ал бир нерсеге көнө албай же маанилүү чечим кабыл ала албай жаткан адамдарга көп кирет", — деди профессор.

Мындан тышкары, адис көпчүлүк учурда адамдын күнү кандай өтсө, уйкусу дагы дал ошондой болорун кошумчалады.

64
Белгилер:
психология, ден соолук, адам, адис
Тема боюнча
Окумуштуулар уйкусуздуктун таң калычтуу себебин табышты
Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты
Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

Мурда милиционерди өлтүргөн кылмышкер эки адамды атууга шектелип кармалды

0
(жаңыланган 11:49 05.12.2020)
Кармалган жаран буга чейин милиция кызматкерин өлтүргөнү үчүн соттолуп абакта 11 жыл отуруп, былтыр эркиндикке чыккан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгон. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. 

В Жайыльском районе по подозрению в хулиганстве задержан член ОПГ, ранее судимый за убийство милиционера
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Андан башка дагы бир 22 жаштагы жаран ошол эле кафеде ок жегенин айтып милицияга арыз жазган.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен КЖБРге катталган.

"Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видеобайкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада  шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Андан соң ал кармалып Жайыл райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Милициянын билдиришинче, кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барганы белгиленет.

Азыркы тапта тийиштүү соттук-медициналык экпертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

0
Белгилер:
милиция, уюшкан кылмыштуу топ, кармоо, шектүү, Жайыл району
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт
Ишкердин соода түйүнүн тартып алмакчы болгон. УКМК шектүүлөрдү кармады