Атынын бир тамгасын өзгөртөт. Путин мигранттардын амалдары тууралуу айтты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүОфициальный визит президента РФ В. Путина в Аргентину
Официальный визит президента РФ В. Путина в Аргентину - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, мигранттар Россияга кирип келе жатканда дактилоскопия процедурасынан өтөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мигранттар Россияга кайтуу үчүн кандай амалдарды кыларын айтып берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Президенттин айтымында, мигранттар Россияга кирип келе жатканда дактилоскопия процедурасынан өтөт. Бирок мындай мүмкүнчүлүк федерациянын бардык эле аймактарында боло бербейт.

"Жаңылышпасам, былтыр Россиядан мыйзам бузгандыгы үчүн чыгарылган 16 миң мигрант кайра келип алган учурлар катталган. Алар өз өлкөсүнө барышат да, жаңы паспорт алышат. Болгондо дагы аты-жөнүнүн бир тамгасын алмаштырып койсо эле такыр башка адам болуп чыга келет", — деди Путин.

Мындан тышкары, өлкө башчы мигранттар үчүн патенттик системаны жеткиликтүү кылуу керектигин айтты. Бирок ошол эле учурда бул жаатта катуу тартип болушу керектигин кошумчалады.

Дактилоскопия — адамды манжа издери аркылуу таануу.

Жаңылыктар түрмөгү
0