БУУ курт-кумурскалардан жасалган тамактын пайдасын айтты

© AFP / TANG CHHIN SOTHYБазарда сатылып жаткан курт кумурскалар. Архив
Базарда сатылып жаткан курт кумурскалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жер планетасындагы 2 миллиард киши курт-кумурскаларды кадыресе тамак катары жейт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Дүйнө жүзүндө азык-түлүктүн, анын ичинде таза экологиялык тамактардын тартыштыгы окумуштууларды жана катардагы адамдарды адаттан тыш тамактарды карап көрүүгө мажбурлайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун тамак-аш жана айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы Жулия Муир курт-кумурскадан жасалган тамактар дүйнө жүзүндөгү азык-түлүк тартышыгын алдын алуудагы жолдордун бири экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Айрым аймактарда бул жаңылык деле эмес. Азыр дүйнө жүзүндөгү 2 миллиард киши курт-кумурска жеп тамактанат", — деди ал.

Муир ошондой эле, курт-кумурскалардын эти тоюмдуулугу жагынан балыктын этиндей экенин кошумчалап, бодо малды багып чоңойтконго караганда курт-кумурскаларды өстүрүү экологиялык жактан таза экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0