Кытайда Википедияга бөгөт коюлду

© AFP / PHILIPPE LOPEZВикипедия сайты. Архив
Википедия сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекеттин эли Google, Facebook жана LinkedIn сайттарын дагы колдоно албайт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кытай өз аймагында Википедия ачык энциклопедиясына толугу менен бөгөт койду. Эми ал бир дагы тилде иштебей жатканын ВВС жазды.

Аталган ресурска колдоо көрсөтүп турган "Викимедия" фондусунун маалыматына караганда, интернет энциклопедия Кытайда акыркы күндөрү таптакыр ачылбай жатат.

"Учурда сайт жеткиликсиз. Бирок бийлик тарабынан ага бөгөт коюлгандыгы тууралуу расмий маалымат берилген эмес", — деп айтышкан фонддон.

Буга чейин Википедия кытай тилинде гана иштебей келсе, апрель айынын аягынан баштап бардык тилдерде жеткиликсиз болуп калды.

Мындан тышкары, коңшу мамлекеттин эли Google, Facebook жана LinkedIn сайттарын колдоно албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0