АКШнын Алабамасында аборт жасаган дарыгер 99 жылга кесилиши мүмкүн

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан дарыгерлер. Архив
Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамды 25 сенатор колдоого алып, 6 сенатор каршы добуш берген. Эми мыйзам штаттын губернаторунун кароосуна жиберилет.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. АКШнын Алабама штатынын сенаторлору бойдон алдырууга (зордукталгандан кийин же инцесттен соң боюна бүтүп калса да) тыюу салган мыйзамды колдоого алышты. Бул тууралуу CBS News телеканалы билдирди.

Мыйзамды 25 сенатор колдоого алып, 6 сенатор каршы добуш берген. Эми мыйзам губернатордун кароосуна жиберилет. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, аялдын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда гана аборт кылдырууга уруксат берилет.

"Бойдо болгон түйүлдүктү атайылап токтотуу эми кылмыш иши болуп калышы ыктымал. Ал эми аны ишке ашырган дарыгер 99 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Эми активисттер сенаторлордун бул демилгесин колдобой, аны чакыртып алуусу үчүн аракеттерди баштайт. Алар 1973-жылы АКШнын Жогорку соту аялдардын укугун коргогон токтомго таянууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0