Спирт ичимдиги. Архивдик сүрөт

Ичимдикке көбүрөк берилген улут аныкталды

2809
Изилдөөчүлөр рейтингди түзүүдө 30 мамлекеттин тургундарынын пикирин эске алган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Улуу Британиянын тургундары башка мамлекеттердин жашоочуларына салыштырмалуу ичимдикти бир жылда 51,1 жолу ичет. Бул тууралуу Global Drug Survey уюму тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болгонун "Известия" жазды.

Иликтөө боюнча ичимдикти аз оозанган мамлекеттин катарын АКШ, Канада, Австралия, Дания жана Индия мамлекеттери толуктайт. Алар орточо эсеп менен спирт ичимдиктерин бир жылда 41-50 жолу татып турат.

Орточо алганда дүйнө калкы жылына 33 жолу ичимдик ичет.

Изилдөөчүлөр рейтингди түзүүдө 30 мамлекеттин тургундарынын пикирин эске алган.

2809
Белгилер:
рейтинг, арак, Улуу Британия, изилдөө
Тема боюнча
Алкоголду таштагандан кийин деле ал мээни талкалаганын уланта берет
Окумуштуулар спирт ичимдиктеринин жаңы коркунучун табышты