Канадада мойнун карандаш тешип өткөн окуучу аман калды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЧийме чийип жаткан кыз. Архив
Чийме чийип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыгы, жарааттан кан чыкпай, окуучу дагы эс-учун жоготкон эмес.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Канадада 11 жаштагы кыз кулап кетип, карандаш мойнунун бир тарабынан кирип, экинчи тарабын тешип чыкты. Бирок дарыгерлер окуучуну аман алып калганын The Mirror басылмасы жазды.

Окуя Торонто шаарындагы мектептердин биринде болгон. Кыз танапис учурунда чалынып жыгылып, карандаштын учтуу жагы мойнуна сайылган. Бактыга жараша, тез арада ооруканага жеткирилип, ак халатчандар анын өмүрүн сактап калды.

Кызыгы, жарааттан кан чыкпай, окуучу дагы эс-учун жоготкон эмес.

"Компьютердик томографиядан караганда карандаш кыздын сол артериясын тешип өткөнү көрүндү. Ошондуктан окуу куралын операция жолу менен алып чыгууга туура келди", — дешкен дарыгерлер.

Операция ийгиликтүү өтүп, окуучу эки күндөн кийин үйүнө чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0