Жашылча жемиштер. Архив

Окумуштуулар: балдарын веган кылып чоңойткон ата-энелерди жоопко тартуу керек

569
Адистердин ырасташынча, балдарга бир гана жашылча чөптөрдү бергенде алардын денесинин өсүшү ойдогудай болуп калыптанбайт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Балдарын веган кылып тарбиялаган ата-энелерди тезинен сот жоопкерчилигине тартуу керек. Мындай пикирге Бельгиянын медицина боюнча падышачылык академиясынын дарыгерлери келгенин The New York Post басылмасы жазды.

Адистердин ырасташынча, балдарга бир гана жашылча чөптөрдү бергенде алардын денесинин өсүшү ойдогудай болуп калыптанбайт

"Медициналык көз караш менен алганда балдарды веган кылып чоңойтконго болбойт, керек болсо тыюу салынат. Өзгөчө алардын бою өсүп жаткан учурда бул кедергисин тийгизет", — деп белгиленет маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында, балдар өсүп жаткан учурда мал-жандыктын этиндеги, сүт азыктардагы аминокислоталар организм үчүн абдан талап кылынат. Бул микроэлементтер вегандардын тамагында дээрлик кездешпейт.

Вегандар — эттен, жумурткадан, сүт азыктарынан, балдан жана башка мал-жандыктын эти кошулган азыктардан баш тарткан адамдар.

569
Белгилер:
ден соолук, балдар, медицина, Окумуштуулар
Тема боюнча
Орозодо кантип туура тамактануу керек? Диетолог менен муфтияттын кеңеши
 Минскидеги массалык митинг. Архивдик сүрөт

Колунда жарылып кеткен. Минскидеги массалык митингде адам өлүмү катталды

17
Элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өтүп жатат. Акциялар президенттик шайлоодон кийин жекшемби күнү башталган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Нааразылык акциялар өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Ольга Чемодановага таянуу менен Sputnik Беларусь агенттигинин Telegram-каналы кабарлады.

Чемоданованын айтымында, көз жумган адам эркек киши.

"10-август күнү саат 23.00дөрдө Минск шаарынын Притыций проспектисинде топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду кое баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу түзүлүштү ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, эркек киши алган жаракатынан улам көз жумду", — деди ИИМ өкүлү.

Эскерте кетсек, нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция митингчилерди таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Акыркы маалыматтар боюнча тартип сакчылары менен кагылышуудан жапа чеккендер жана кармалгандар көбөйүүдө.

Эл көчөгө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан. Анда азыркы президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы болуп калмакчы.

17
Белгилер:
аянт, милиция, өлүм, митинг, Минск, Беларусь
Тема боюнча
Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео
Белорусские правоохранительные органы задерживают мужчин во время митинга сторонников оппозиции после президентских выборов в Минске, Беларусь, 10 августа 2020 года.

Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео

72
(жаңыланган 00:13 11.08.2020)
9-август күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Күндүз басылып калган акция кечинде кайра уланды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоодон кийинки акциялар дагы деле токтобой, күч түзүмдөрү элди таркатуу аракетинде. Соңку маалыматтар менен Sputnik Беларустун Telegram-каналы бөлүшүүдө.

Бүгүн Минскиден ОМОН жоокерлери тарабынан 30дан ашуун киши кармалганы айтылат. Кечээ түнү үч миңдей киши жоопко тартылган.

Ал арада ИИМ башчысы Юрий Караев элди тынчсыздандырууга күч менен каражат жете турганын билдирди. Учурда күч түзүмдөрү кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатышат.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Эске салсак, 9-августта Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Митинг кечке жуук кайра күчөгөн.

 

72
Белгилер:
нааразычылык акциясы, президент, шайлоо, Беларусь
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт