Өсүмдүктүн ширеси. Архив

Өсүмдүктүн ширесин ашыкча ичүү өмүрдү кыскартары аныкталды

975
Дарыгер Гюнтер Кунленин айтымында, жаңы сыгылган ширелер ден соолукка пайдалуу дегени менен алардын пайдасынан зыяны көп.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Америкалык окумуштуулар өсүмдүктүн жаңы сыгылган ширеси кола жана лимонад сыяктуу эле өмүргө зыян экенин, керек болсо өлүмдү эртелете турганын аныкташты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Journal of the American Medical Association (JAMA) уюмунун сайтына жарыяланган.

Адистер 13,4 миң кишинин жашоосуна саресеп салып, алар таттуу суусундуктарды канча көп ичерине кызыгышкан. Алты жыл ичинде окумуштуулардын изилдөөсүнө катышкан миң адам каза болгон. Алар адамдар таттуу ширелерди канчалык көп ичип жүргөнүн иликтешкен. Жыйынтыгында ар бир ичилген ашыкча 360 миллилитр шире же лимонад эрте өлүп калуу ыктымалдыгын бир топ арттырары аныкталган.

Дарыгер Гюнтер Кунленин айтымында, жаңы сыгылган ширелер ден соолукка пайдалуу дегени менен алардын пайдасынан зыяны көп.

"Жер-жемиштердин ширесин ичкенде киши жегенден алган калориядан бир топ эсе көп калория алат. Мисалы, бир стакан апельсин ширесин алуу үчүн эки апельсинди сыгууга туура келет", — деди адис.

Буга чейин окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азык-түлүктөрдү тизмектеген болчу.

975
Белгилер:
медицина, ден соолук, Окумуштуулар
Тема боюнча
Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азыкты атады
Белорусские правоохранительные органы задерживают мужчин во время митинга сторонников оппозиции после президентских выборов в Минске, Беларусь, 10 августа 2020 года.

Беларуста митинг токтобой, эл күч менен таркатылып жатат. Видео

64
(жаңыланган 00:13 11.08.2020)
9-август күнү Беларуста президенттик шайлоо болуп, ал аяктаары менен нааразычылык акциясы башталган. Күндүз басылып калган акция кечинде кайра уланды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Беларуста президенттик шайлоодон кийинки акциялар дагы деле токтобой, күч түзүмдөрү элди таркатуу аракетинде. Соңку маалыматтар менен Sputnik Беларустун Telegram-каналы бөлүшүүдө.

Бүгүн Минскиден ОМОН жоокерлери тарабынан 30дан ашуун киши кармалганы айтылат. Кечээ түнү үч миңдей киши жоопко тартылган.

Ал арада ИИМ башчысы Юрий Караев элди тынчсыздандырууга күч менен каражат жете турганын билдирди. Учурда күч түзүмдөрү кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп жатышат.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Эске салсак, 9-августта Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон жүздөгөн адам Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Митинг кечке жуук кайра күчөгөн.

 

64
Белгилер:
нааразычылык акциясы, президент, шайлоо, Беларусь
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров . Архивдик сүрөт

Айдарбеков менен Лавров туруктуу авиакаттамдарды жандантууну сүйлөшүштү

155
(жаңыланган 23:14 10.08.2020)
Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттамды жандандыруу тууралуу пикир алмашышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары COVID-19 пандемиясынын кесепетин жеңүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

"Ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары жана келечеги жөнүндө, анын ичинде жакын арада Кыргызстан менен Россиянын ортосунда туруктуу авиакаттамды жандантуу тууралуу пикир алмашышты", — деп айтылат маалыматта.

Министр Айдарбеков Россияга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөтүп жаткан гуманитардык жардамына жана дарыгерлерин жөнөткөндүгүнө ыраазычылык билдирген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Ошондой эле ТИМ башчылары эки мамлекеттин эриш-аркак жылынын алкагында пландалган бардык иш-чараларды ишке ашырууга жана кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык комплексин мындан ары активдештирүүгө үмүт артарын билдиришкен.

Андан сырткары, регионалдык жана эл аралык саясат маселелери боюнча да кеп козголгону белгиленди.

155
Белгилер:
кызматташтык, коронавирус, каттам, сүйлөшүүлөр, Сергей Лавров, Чыңгыз Айдарбеков, ТИМ
Тема боюнча
Эми Кыргызстанга учак менен келип-кеткендер кандай эрежеге баш иет? Алгоритм