Сокур ичегини алдыргандан кийин кайсы дарт күчөп кетери айтылды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүКраевая клиническая больница Краснодара
Краевая клиническая больница Краснодара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар Паркинсон оорусу менен жабыркаган 62 миллион кишинин ден соолугуна иликтөө жүргүзүп, алардын илдетке чалдыгышына сокур ичегини алдырып салганы себеп экендигин аныкташкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Сокур ичегини алдыргандан кийин Паркинсон оорусу (калтыратма шал илдети — ред.) күчөп кетиши ыктымал. Бул туурасында "Известия" батыштагы Кейза университети менен "Кривленданын университеттик клиникалары" борборундагы окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Маалыматта окумуштуулар Паркинсон оорусу менен жабыркаган 62 миллион кишинин ден соолугуна иликтөө жүргүзүп, алардын илдетке чалдыгышына сокур ичегисин алдырып салганы себеп экендигин аныкташкан.

Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: балдарын веган кылып чоңойткон ата-энелерди жоопко тартуу керек
488 миң адамда Паркинсон оорусу сокур ичегиси жок кезде аныкталса, ал эми 4,7 миң адамдын дартын операциядан кийин байкашкан.

Адистер сокур ичегиси бар адамдын Паркинсон оорусуна кабылуу коркунучу төмөнүрөөк деген жыйынтыкка келишкен. Башкача айтканда, соо кезде кабылуу коркунучу 0,29 пайыз болсо, операциядан кийин 0,92 пайызга өскөн.

Паркинсон — бул борбордук нерв системасына байланышкан мээ оорусу. Эл арасында калтыратма шал илдети деп айтышат. Аталган дартка кабылган адамдын басуусу оорлошуп, денесин калтырак басып, үнү акырын чыгып калат, бети "катып" калгандай элес калтырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0