Телефонду зарядкага койгон киши. Архивдик сүрөт

Түн ичинде зарядга койбо! Телефондун "өмүрүн кыскарткан" адаттар

2585
(жаңыланган 12:10 21.05.2019)
Адистердин айтымында, адам жаман адаттарынан арылган учурда анын телефону узагыраак кызмат кылып калат.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. "Известия" гезити смартфонду убагынан эрте иштен чыгарып койчу жаман адаттарды тизмектеди.

Биринчи орунда олдоксондук турат. Адамдар туура эмес же шашма кыймыл-аракетинен улам гаджетти катуу жерге же сууга түшүрүп алат. Экинчиден, адамдар телефонго суу өткөрбөөчү каражаттарга катуу ишенип алган. Бирок аны шаркырап жаткан сууга жууп же суу астында селфи кылган учурда аппаратка баары бир суу кирет.

Телефонду түн ичинде, тагыраагы, уйкуга кетээр алдында зарядга коюу дагы зыян келтириши мүмкүн. Көпчүлүк жарыкты өчүрүп туруп, анан гана телефонго заряд алып берчү зымга туташтырууга аракет кылат. Мындай учурда адам көрбөгөндүктөн сайган жерин чукулап атып деформация кылып коюшу ыктымал.

Адистер өтө арзан заряддоочу каражаттардан баш тартууну сунуштайт. Алар аккумуляторго зыян тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле гаджет заряд алып жатканда ысып кетпеш үчүн үстүн кийим-кечек же жаздык менен бастырбаш керек.

"Литий-ионндук аккумуляторлор абдан ысык же суук температураны жактыра бербейт. Андыктан жайдын мээ кайнаткан ысыгында же кышкы суукта зарядга коюу анын өмүрүн кыскартат", — деп айтылат макалада.

Смартфон зарядда турган кезде колдонбой эле койгон туура, себеби түшүнүктүү, аккумулятор ысып кетиши ыктымал. Кызыгы, заряд нөлгө түшүп калгыча дагы күтпөш керек экен. Эң оптималдуу вариант - 15-20 пайыз заряд калганда "тамак" бере баштаңыз.

2585
Белгилер:
аккумулятор, смартфон
Тема боюнча
Абдылдаева: окуучунун смартфон колдонуусуна тыюу салууга министрлик каршы эмес