Алжыбай жашоонун эң жөнөкөй жолу айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөнүгүү жасап жаткан кары адамдар. Архив
Көнүгүү жасап жаткан кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дене көнүгүүлөрү менен антиоксиданттарды өз-өзүнчө жасоо эске тутууну жакшырта турганы белгилүү.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу мээнин картаюусун алдын ала турчу механизмди жана көнүгүүлөрдү аныктады. Бул тууралуу MedicalExpress порталы жазды.

Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Аднаева: элдин ден соолугун бизнес катары карабашыбыз керек
Окумуштуулардын божомолу боюнча өтө оор эмес көнүгүүлөр эске тутууну жакшыртса, антиоксиданттык кошулмалар анын таасирин күчөтөт. Физикалык көнүгүү менен антиоксиданттарды өз-өзүнчө жасоо эске тутууну жакшырта турганы белгилүү. Бул өз кезегинде Альцгеймер сыяктуу оорулар менен жабыркагандарга жакшы жардам берет.

Илимпоздордун айтымында, мээнин иштөөсүн өз калыбында кармап туруу үчүн кыймыл жана антиоксиданттарды кабыл алса натыйжасы жакшы болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0